Жети-Өгүздө эртең менен күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, 16-ноябрда саат 07:42де Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Каракол айылынан 25 чакырым түндүк-чыгышта, Кажы-Сай шаарчасынан 75 чакырым түштүк-чыгышта болгон. Жер титирөөнүн күчү Кара-Сай айылында – 4 балл, Каракол шаарында - 3,5 балл сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Кудай сактасын жердештер, кайда иштесек да Ата журтубузга аман-эсен кайталы!!