Чүйдө ичинде күйүүчү майы менен бара жаткан 2 цистерна темир жолдон чыгып кетти
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда ичинде күйүүчү майы менен бара жаткан цистерна темир жолдон четке чыгып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-ноябрда "Кыргыз темир жолу улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эртең менен Сокулук районуна кире бериштеги темир жолдун эки айрылышынан, ичинде күйүүчү майы менен бара жаткан 2 цистерна темир жолдон чыгып кеткен. Учурда ал жерде биздин кызматкерлер иштеп жатышат. Окуянын себептери такталууда, темир жолу ачык, каттамдарга ыңгайсыздык жаралган жок. Эч ким жабыр тарткан жок, күйүүчү май төгүлгөн эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Мындан сырткары учурда цистернадагы күйүүчү майдын көлөмү жана маркасы такталып жатканын кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
RaHat19

16.11.2017. 19:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча тонна болот бироондо.тогулбогону жакшы болгон тура май аз калды деп атышат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.