super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Кыргыз элин биримдикке чакырган "Бажарики" тасмасы SUPER.KG порталында

 
Нурлан Жаныбеков

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Бажарики" тасмасы менен толукталды. Фильмдин режиссёру жана сценарийдин автору Амантур Ормуков, продюсери Нурлан Жаныбеков.

Кинодо башкы каарман Дамирдин 6 кызы бар. Үйлөнгөндөн бери эле уулдуу болууну самап келет, бирок тилеги аткарылган эмес. Кыздарынын бешөө 5 дубандын жигиттерине турмушка чыккан. Башка облустардын тургундарын анча жактырбаган Дамир 6-кызынын шаардык жигитке турмушка чыгуусун пландап жүрөт. Атасынын туулган күнүн өткөрөбүз деген кыздары, күйөө балдары анын үйүнө чогулушат. Башкы каармандын жашоосун өзгөртө турган окуялар мына ошол жерден башталат.

Тасмага Жоробек Аралбаев, Улан Жумабаев, Улан Барпиев, Максат Үсөнов, Атай Өмүрбеков, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов, Нуриза Бектурова, Айкөл Аликжанова жана башкалар тартылышкан.

Фильмдин продюсери Нурлан Жаныбековдун айтымында, тасманын негизги максаты кыргыз элин биримдикке чакыруу.

"Тасмада 7 облустун өкүлдөрүн чагылдырып, кыргыз элин бөлүнбөөгө үндөп, ынтымакка чакырууга аракет жасаганбыз. Негизи комедия жанрында болгону менен тарбиялык мааниси чоң. Тасманын таасирдүүлүгүнөн уламбы, айтор 3-4 жолу кайталап көргөндөр да бар экен. Буюрса, жакынкы күндөрү уландысы чыгат. Азыр тартуу иштери аяктап калды", - деди ал.

"Бажарики" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.11.2017. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,кинонун мазмунун окуп эле кулуп алдым..Себеби,уй-булоодо биз дагы 6 кызбыз.1эжем Колго,1эжем Жалал-Абадка турмушка чыккан.Буюрса,синдим Ошко чыгат .Экообуз тен эмки куздо турмуш жолуна кадам таштайбыз,буюрса!Андан кийинки синдим аябай бышык."Сен Нарынга чык" деп кулуп калабыз.Биздин кенжебиз аябай нежинка кыз.Буюрса,Бишкектик Ромео го деп калабыз.Албетте,баары чогулганда салт,диалектиден комедиялар коп эле болот."Кайда болсонор да бактылуу эле болсонор экен"деп батасын бер
InsanIndira94 түзөттү 2017-11-21 00:37:13
21.11.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино жакшы экен. чын эл жер тандабай эл танда деген маани бар, таоастык борчик жакты баарынан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: