super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин түз эфиринде эстрада жылдызы Мирбек Атабеков конокто болот

 

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу эстрада жылдызы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков.

Ал бир кезде "Сени гана" деген ыры менен сахна босогосун аттап, тубаса таланты, талыкпаган эмгеги жана өз ишин мыкты билген продюсеринин жардамы менен бир канча хит ырларды жаратып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен 3 жолу "Жылдын супер ырчы мырзасы" аталып, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамына татып, 2 жыл мурун чыгармачылыгынын 10 жылдыгын белгилеген ырчы 30 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти аталган.

Кыргыз жеринде гана эмес, коңшулаш казак боордоштордо да жетиштүү атак-даңкка ээ болгон Атабеков өзүнүн суйкайган сулуу Мээрим аттуу жубайынын сүйүктүү жары, Адам деген уулунун мээримдүү атасы.

Канчалаган күйөрман топтоп, жаздырган ырларынын баары хитке айланган Кыргыздын мега жылдызына бере турган суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатып калыңыз. Сүйүктүү ырчыңыз сиздин суроолоруңузга бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфиринен жооп берет.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(40)
17.11.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ооу Мирбек Атабеков!!! Мен бир эле суроом анан каалооом бар эле, менин уч уулум бар, суранарым уч уулумдун оозуно тукуруп койсонуз кандай болот? Илгертен бизде ушундай бир ишенич бар экен, 100пайыз болбосо да 80пайыз талантынызды тартса сизге окшоп соонун инсан болсун)) рахмат алдын ала. 22ноябрь учунчу уулум алты айлык болсо, чон уулум 23ноябрьда торт жашка толот.
raxatka түзөттү 2017-11-17 17:18:02
17.11.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
raxatka,оозуна түкүрүп? Фууу, койчу, балаңыздын оозуна бирөөнүн түкүргөнүн каалайсыңбы?
17.11.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
raxatka, ушул ырчыларды кумир тутпай, ыймандуу аалымдарыбыздай уул-кыздардан болсун деп тилек кылсак жакшыго дейм. Музыка бул жакшылыкка алып барбайт, ла-ла па-ла деп ырдагандан коро, Куран жаттатсак жакшыго дейм балдарыбызга.
19.11.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
raxatka,балдарындын эмес озундун оозуна тукуртуп алышын керек экен.
21.11.2017. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raxatka,бул болбогон эле сырым экен.илгери чон апам биздин айылга клара алибекова келгенде кызынын оозуна тукурткон ырчы болсун деп.ырчы болуп ырдатмак турсун 10 суйлоп бир жоопту зорго алабыз эжемен))))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: