Бишкекте маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады



Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарында маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Гагарин-Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн токтой албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында маңдайынан чыккан Тойота Прогресс үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
"Натыйжада Тойотанын айдоочусу жана маршруттук таксинин жүргүнчүлөрү жабыр тартып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери менен ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-3

Ото каттуу ылдамдыкта айдаганы аз келгенсип бир канча ирет жол эрежесин бузду,час пик учуру болчу маршрутта бут койорго жай жок адам толтура ,ошончо адамдын омуру ошол айдоочунун колун