Султан Раевдин романы Швецияда өткөн эл аралык адабий сынактан биринчиликти багындырды
Кечээ, 17-ноябрда Швециянын борбору Стокгольм шаарында өтүп жаткан эл аралык адабий сынактын жыйынтыгы чыкты. Анда Кыргыздын атынан катышып жаткан Султан Раевдин "Топон" романы биринчиликти багындырган. Бул тууралуу жазуучу, драматург интернеттеги өзүнүн жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн.
"Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1600 акын-жазуучунун эмгектери катышкан. Мен катталган "Ири проза" категориясына 347 роман жана повесттер келип түшүптүр. Ошолордун арасынан "биринчи орун "Топон", Султан Раев - Кыргыз Республикасы" деген сөздү укканда, чынын айтайын кубанганымдан көзүмө жаш алдым. Биринчи орун менен кошо "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлыкты да тапшырышты", - деген ал.
Белгилей кетсек, "Топон" романы жакында Москва шаарынан басылып чыгат.


Султан Раев Кара-суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган.
1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн."