super.kg logo

Орусияда курмандыктарына Наташа Королёванын ырларын ырдап берген ууру изделүүдө

 

Шектүү видео көзөмөлдөрдүн бирине түшүп калган.Орусиянын Пермь шаарында коркунучтуу кылмышкер, ууру изделүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары аймактык Тергөө комитетинин кызматкерине шилтеме берүү менен жазды. Изделип жаткан ууру үйүн тоноп кеткен аялдардын бирин өлтүрүп да койгон деп шектелүүдө.

Маалыматта жазылгандай, изделип жаткан кылмышкер 29 жаштагы Бурятиянын тургуну Александр Третьяков. Ал буга чейин майда, жеңил кылмыштарга күнөөлөнүп абакка түшүп бир нече убакыт мурун эле бошотулган.

Тергөө комитетинин өкүлү билдиргендей, ууру өзүнүн курмандыктары менен клубдарда, барларда, кечкисин эс алуучу жайлардан таанышып жүргөн. Ал атайын аялдардын арасынан кызуу болуп калгандары менен таанышкан. Андан соң ишенимине кирип, үйүнө узатып коюуга көндүргөн. Жабырлануучу аялдардын экөө аларга ууру жагымдуу сөздөрдү айтып, ал тургай вокалдык жөндөмүн колдонуп ырдап берген.

"Третьяковдон жабыр тартып калгандар анын жагымдуу сүйлөп, ичке аялдардыкындай үн менен ырчы Наташа Королёванын хит болгон ырларын аткарып бергенин баса белгилешти. Дагы бирөө ал жанында алып жүргөн микрофонун көрсөтүп, шоу-бизнесте ордун таап калган профессионал музыкант экенин айтканын белгиледи", - деп билдирген полиция өкүлү.

Третьяков жаңы таанышкан аялдардын үйүнө кирген соң, ал алаксып, жуунганы же башка нерсеге кеткенде тоноп алып качып кетип жүргөн. Мындай жол менен ал 3 аялды тоногон. Төртүнчүсүн тоноо учурунда кандайдыр бир себептерден өлтүрүп да койгон. Бардык кылмыш эпизоддорунда жабырлануучулардын Третьяков менен жыныстык катнашта болуу фактысы катталган эмес. Ошол себептен аны гей болушу мүмкүн дешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
18.11.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Картан аялдар аны дулуктуро албай койду да. Сразу эле ориентацияга асылганго
aman0296 түзөттү 2017-11-18 18:33:17
18.11.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
aman0296,чычалап озу келип калабы дешкендир да
18.11.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lady_91,)))))
18.11.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ориентация эмне
18.11.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19,жыныстык багыты. Гейби же транссексуалбы, мумкун натурал дегени.
orun түзөттү 2017-11-18 21:46:03
18.11.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19,когуш дегени
18.11.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19, Карындаш азыр жашсын кызыкбай эле кой. Убактысы келгенде озун эле билип аласын!
18.11.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Музыкальный вор

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: