Бишкекте бир адамды поезд сүзүп кетти
Бишкекте 20-ноябрга караган түнү 1 адамды поезд сүзүп кетти. "Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдагандай, окуя саат 01:00 чамасында “Бишкек I-Бишкек II” станцияларынын ортосунда болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жөө жүргүнчү телефондо ("наушник" менен) сүйлөшүп баратып кырсыкка кабылган деп айтылууда. Анткени поезддин сигналына реакция жасаган эмес. Кырсыкка кабылган адам окуя болгон жерден каза тапкан. Азыркы тапта анын сөөгү өлүк сактоочу жайда.
Эскерте кетсек, быйыл октябрь айында Бишкекте 2 адам поезд сүзүп каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Жанын жан экен да