super.kg logo

Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралып жаткан отурумду видео, сүрөткө тартууга тыюу салынды

 

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Соттук отурумга Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов, коомдук саясий ишмерлер Чолпон Жакупбекова, Камила Талиева, Элмира Иманкожоева катышууда.

Сот отурумга журналисттерди киргизүүгө уруксат берди. Бирок отурумда видео, сүрөттөргө тартуу жана түз алып чагылдырууга уруксат берген жок. Ошондой эле видео жана сүрөткө тарткан журналисттер сот залынан чыгарыла турганын айтып эскертти.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту, кийин Бишкек шаардык соту Текебаев жана Чотоновдун ишине байланышкан соттук отурумдарга журналисттерди киргизгени менен, процессти видео жана сүрөткө тартууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.11.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура кылат журналисттер дагы кошуп кобуртуп-жабыртып жазып жиберишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: