super.kg logo

Текебаевдин жана Чотоновдун сотунда жактоочунун прокурордон баш тартуу өтүнүчү канааттандырылган жок

 

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Анын жүрүшүндө жактоочу Канат Хасанов мамлекеттик айыптоочунун иш боюнча маалыматы жок экенин айтып, аны соттук отурумдан четтетүү боюнча өтүнүч келтирди.

Прокурор Эрмеков биз сунуштап жаткан өтүнүчтөрдү түшүнүп-түшүнбөй эле четке кагууну сурап жатат. Бул прокурордун бул иштин материалдары боюнча такыр маалыматтары жок экен. Ошондуктан мамлекеттик айыптоочуну иштен четтетүүңүздү сурайм”, - деди Хасанов.

Сот тараптардын пикирин угуп чыгып, кеңешме бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин жактоочунун өтүнүчү четке кагылганын айтты.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: