super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда жактоочу райондук жана шаардык сот өкүм чыгарууда бир канча маанилүү жагдайларды көз жаздымда калтырганын айтты

 

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Анын жүрүшүндө жактоочу Канат Хасанов буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соту өкүм чыгарууда бир канча маанилүү жагдайларды көз жаздымда калтырганын айтты.

Соттун өкүмдөрүндө кылмыш иши катталган так дарек көрсөтүлгөн эмес. Текебаев кайсы кызмат ордунда отуруп, кайсы кызмат абалынан пайдаланганын сот көрсөткөн эмес. Чотоновдун кызматтык милдеттерин да сот көмүскөдө калтырган. Мындан тышкары күбө катары көрсөтмө берген Роза Отунбаева, Камчыбек Ташиев, Гүлнара Журабаева, Аида Салянова, Асия Сасыкбаева, Данияр Нарынбаев, Феликс Кулов жана башка 50гө жакын адамдын айткандарына баа берилген эмес”, - деди жактоочу Канат Хасанов.

Мындан тышкары Канат Хасанов кылмыш иши болгон убакыт деп сот 2010-жылдагы май айынан декабрь айына чейинки убакытты көрсөтүп койгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
20.11.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акталсын!!!!А.Ш.Аны суракка алышсын былыгы коп!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: