super.kg logo

Текебаевдин жактоочусу "Текебаев маркум Талант Маматкеримовго Маевскийден акча алып келүүнү буйруган" деген маалымат далилденбегенин айтты

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Анын жүрүшүндө Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова "Текебаев маркум Талант Маматкеримовго Маевскийден акча алып келүүнү буйруган" деген маалымат далилденбегенин айтты.

"Иш материалда Текебаев Маматкеримов менен телефон аркылуу байланышып, ага Маевскийден 1 миллион доллар алууну тапшырган деп жатат. Бирок бул далилденген жок. Анткени Маматкеримов каза болуп калгандыктан тергөөгө тартылган эмес. Ал тергөөгө тартылбаса тергөөчүлөр андай бышыктоону кайдан алды. Эмне өлүп жаткан жеринен тургузуп келиштиби? Ошондуктан "Текебаев ага буйрук берген" деген нерсе далилсиз", - деди жактоочу.

Ошондой эле Жакупбекова Текебаевге карата райондук жана шаардык сот мыйзамды бузуу жолу менен өкүм кабыл алганын, иш материалдарда көрсөтүлгөн фактылар далилденбегенин билдирди.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту, кийин Бишкек шаардык соту Текебаев жана Чотоновдун ишине байланышкан соттук отурумдарга журналисттерди киргизгени менен, процессти видео жана сүрөткө тартууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгон адамды да тынч жаткырышпайт экен да булар, увалы урат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: