super.kg logo

Аида Салянова: "Инимди өлтүргөндөр саясий буйрукту аткаргандар же ири көлөмдөгү акчага буйрутма алгандар"

 

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Салянова иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ички иштер министринин орун басарына жана депутаттарга билдирүү жасады.

"ИИМ телефондук сүйлөшүүлөр, анализдер, видеожазуулар, күбөлөр жок туруп эле "бул иште саясий себеп жок" деп маалымат берди. Райондук милициянын тергөөчүсү мындай маалымат бере алмак эмес. Бул иште көзөмөл кылган бирөө бар жана ал эмнени сүйлөш керек, эмнени айтпаш керектигинен бери баарын өзүнө ылайыктуу агым менен алып бара жатат.

Жеке мага карата акыркы жылда ондогон кылмыш иши козголду. Ондогон адамдар жоопкерчиликке тартылды. Тергөөнүн объективдүүлүгү үчүн бул версияны да карап чыкса болмок.

Спорттук дене түзүлүштөгү куралданган балдардын тобу окшош спорт кийимдерин, бет кап, кол кап, берц кийип, үйгө кирип барып, эч нерсени түшүндүрбөстөн туруп, максатсыз баалуу буюмдарга ээлик кылбаган адамды мыкаачылык менен өлтүрүшмөк эмес. Жашы жете элек өспүрүмдүн алдында атасына курал колдонушкан. Эгер мындай кылмыштуу топ бар болгон болсо, биз алар тууралуу буга чейин эле укмакпыз. Бул топ атайын бул кылмыш иши үчүн түзүлгөн топ. Мындай кымбат буйрутма саясий буйрук же ири каражатка аткарылмак. Алардын кийген кийимдерине, көтөргөн куралдарына, жүргөн унааларына көңүл бурсаңыздар, мындай топ жок дегенде миллионерлерди карактоого кирмек. Инимди өлтүргөндөр саясий буйрукту аткаргандар же ири көлөмдөгү акчага буйрутма алгандар", - деди билдирүүсүндө Салянова.

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
22.11.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Салянова туура суйлоптур. Бийликтегилер эчтеке билмексен болуп отурушат. Буйрук кайсы тараптан берилгенин изилдеп чыкпасак дагы белгилуу болуп турат. УКМКнын МВДнын кызматкерлери ушундай иштерди аткарган учун Генерал-Майор лукту алып жатышат
gute түзөттү 2017-11-22 13:55:33
22.11.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми сабыр кылыныз сиз деле убагында саясий буйрукту аткарып жургонсуз.
22.11.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таба эмес тобо кылалы,ар башта бир өлүм бар!
Бирок Аида Салянова мындан 3-4жыл мурун эле аябай бийликтин арыгын чаап,саясий заказдар укмуштуудай аткарган!
22.11.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
beka1207, 3-4 жыл мурун озу бийликтин буйругун аткарып жургон дейсин анда эмне учун бийлик соттоп жатат же 3жыл мурун президент башка беле
22.11.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamik,Салянова эжекен Текебаевдин командасында болчу.
22.11.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamik,
Бийлике жакпаган бир иш кылып койгонго
23.11.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamik,3жыл мурун ушул эле президент болчу)))
Болгону Салянова ал кезде Атамбаевдин командасында болчу
22.11.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салянова, куугунтук кандай болгонун эми башына келип түшүндү окшойт, себеби өзү деле жаллаң оппозицияны куугунтуктап туруп алган болчу).
Байкесинин да ишин жаап салбады беле тиги жаш ойношунун (Камила) өлүмүнө тийешеси жок деп, ошол байкесинин ордунда эгер башка бирөө болгондо заматта таап, камап салмак)
FIFA17 түзөттү 2017-11-22 16:32:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: