super.kg logo

Түркиянын "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Америкада "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыды

 

Көпчүлүк сүйүп көргөн "Түбөлүктүү сүйүү" түрк сериалы "Эмми" сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Американын Нью-Йорк шаарында өткөн "Эмми" эл аралык сыйлыгынын 45-тапшыруу аземинде "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыды.

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалы бул номинацияда канадалык "30 жашоо", бразилиялык "Теңдеши жок" жана "Шику карыя" аттуу тасмалардын ичинен мыкты деп аталып, жеңишке жеткен. Сыйлыкты тапшыруу аземине, сериалдын продюсери жана "Ay Yapim" компаниясынын жетекчиси Керем Чатай, режиссёр Хилаль Сарал жана сценарист Бурджу Гёргюн келген.

Бул сериалга белгилүү Бурак Өзчивит, Неслихан Атагүл, Каан Урганжиоглу, Хазал Филиз Кючюккёсе, Зеррин Текиндор, Керем Алышык жана башка түрк актёрлору тартылган, бирок сыйлык тапшыруу аземине алардын бири дагы келген эмес.

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Түрк киноиндустриясында эң көп көрүлгөн сериал болуп саналат.

"Эмми" - бул Американын телеберүүлөргө берилүүчү эл аралык сыйлыгы. Ал кино тармагында эң ири деп эсептелген "Оскар" сыйлыгы сыяктуу эле дүйнөдөгү телеберүүлөрдүн мыктыларын аныктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.11.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында жакшы кино экен. Ар ким мактай бергенинен эми коруп баштадым эле
23.11.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра кайра коргондон тажабайсынго.Сыйлык кут болсун
23.11.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген кино таппай койдум
23.11.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beknur95,Черная любовь
23.11.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башында 5сериясын көрүп акыркы сериясын көрүп койдум болбосо мынча көп серия көргөнгө чыдамым жок экен.Эмир Эмииир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: