super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекенчи" депутат Сайдулла Нышанов Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарууну сунуштады.

"Эртең, 24-ноябрда президентибиз Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кызматын өткөрүп бергени жатат. Алмаз Шаршеновичтин тарыхта калчу жасаган иштери көп болду: түндүк-түштүк альтернативдик жолу, "Датка-Кемин" электр линиясы, мындан тышкары жакында өткөн шайлоо. Биз шайлоо системин эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргиздик. Алмазбек Шаршеновичтин эмгеги, мен ойлойм, 50-100 жылдан кийин да тарыхта калчу иш болду. Өзгөчө өз убагында демократиялык жол менен кызматын кийинки президентке өткөрүп бериши биз үчүн сыймык! Бул тарыхый окуя, Орто Азия элинде мыкты аталып, биринчи жолу болуп жатат. Шайлоочулардын сунуштарын эске алуу менен Алмазбек Шаршеновичке биз "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наамды берсек деп сунуш кылам", - деди Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: