super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-НОЯБРЬ: Элге тилин сунгандан тажабаган америкалык актриса жана ырчы Майли Сайрус 25 жашка толду

 

Майли Сайрус - америкалык ырчы жана актриса. Атактуулукка "Ханна Монтана" сериалында Ханна Монтана деген поп-жылдыз экенин жашырган Майли Стюарт аттуу окуучу кыздын ролу аркылуу жеткен.

Актриса 1992-жылы 23-ноябрда АКШда туулган. Чыныгы аты-жөнү - Дестини Хоуп Сайрус. Бирок ал дайыма жылмайып жүргөндүктөн жакындары "Смайли" ("жылмаюу", "жылмаюучу") деп атап коюшкан. Бара-бара Смайли аты кыскарып, Майли аталып калган. Мындан улам 2008-жылы документалдуу түрдө атын Майли Сайрус кылып өзгөрткөн.

8 жашынан тарта актриса болууга кызыгып, кыска метраждуу тасмаларга тартылып келген. Ал эми 2006-2010-жылдары тартылган "Ханна Монтана" сериалындагы ролу аны өспүрүм балдар-кыздардын кумирине айландырган. Ал гана эмес, "Forbes" журналынын тандоосу менен 16 жашка чейинки эң бай актрисалардын катарын толуктаган.

Сайрус тасмага тартылуу менен гана алектенбестен, бир канча чыгармаларды жаздырып, ырчы катары да тааныла баштаган. 2010-жылдын соңунда Түштүк Американы кыдырып концерт коюп, 26 миллион доллар киреше тапкан.

2008-жылдын август айынан тарта австралиялык актёр Лиам Хемсворт менен мамиле кура баштаса, 2013-жылы белгисиз себептерден улам мамилелерин үзүшкөн. Бирок былтыр, 2016-жылы кайрадан жарашканын айтышкан. Ал эми айрым маалымат булактарынын жазгандарына таянсак, жылдыздуу түгөйлөр ушул жылдын жаз айларында жашыруун түрдө баш кошушкан.

Майли Сайрус тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Ырчы татуировка жасатуу боюнча алдына киши салдырбайт. Тактап айтканда, учурда анын денесине 18 татуировка тартылган жана ар бири өзүнчө мааниге ээ;
  • Ит, күчүктөрдү абдан жакшы көрөт;
  • Сологой, бирок атасы оң колу менен жазууга мажбурлагандыктан кол жазмасы өтө начар;
  • 2009-жылы өзүнүн жашоосу тууралуу китеп чыгарган;
  • Ырчы орунсуз жоруктары менен көп талкууга алынып келет. Алардын ичинен элге тилин көрсөтө берген адаты көпчүлүктүн кыжырына тиет;
  • Окуучу кезинде өзүнүн тентектиги жана классташ кыздарына кантип өбүшүү керектигин үйрөткөнү үчүн мектептен айдалган;
  • Ачык кийимдерге басым жасайт;

23-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тили да бир уйдун тилиндей экен
23.11.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тили мынча узун.
28.11.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wrecking Ball деген ыры жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: