super.kg logo
  Саясат  

Парламентте сталиндик репрессиянын 80 жылдыгына карата китеп чыгаруу сунушталды

 

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев сталиндик репрессиянын 80 жылдыгына карата китеп чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

“50-100 жылда бир келе турган тарыхый миссия болот. Кыргыз эли бир миссиясын аткарды. Үркүндүн 100 жылдыгында эстелик орнотулуп, тарыхтагы орду аныкталды. 2018-жылы сталиндик репрессияга 80 жыл болот. Ошондо бир түндө эч күнөөсү жок, Кыргыз элитасынан 22 миң адам атылган. Аксы окуясында 6 адам атылып, мамлекетте канча тарыхый бурулуштар болду эле. Ошондуктан Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, репрессиянын 80 жылдыгын бийик деңгээлде белгилөө керек. Ошол 22 миң адамдын өздүгүн тактап, алар эмне үчүн курман болгондугу тууралуу китеп чыгаруу зарыл”, - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: