super.kg logo

Эмне үчүн Кыргыз өлкөсүнүн жарандары O!TV тиркемесин тандашат?

 

O!TV тиркемесин телевизор көрбөйм дегендер да жүктөп алышат. Бул тиркеме популярдуу тиркемелердин катарына кирип калды – 250 миңден ашуун жүктөө чегинен мурда эле өтүп кеткен. А сиз кандай деп ойлойсуз? О! мобилдик операторунун менеджерлери бул суроого жооп беришти.

  • Анткени Play Market же AppStore аркылуу O!TV тиркемесин жүктөп алгандан кийин, эч кандай приставка жана зымдарды сатып алуунун кереги жок;
  • Телеберүүлөрдү каалаган мобилдик түзүлүштө жана интернет болгон бардык жерде: үйдө, дачада, машинада көрсө болот.
  • O!TV тиркемеси Smart TV функциясы бар, интернетке кошулган Sony, Phillips, Samsung жана LG телевизорлорунун чоң экрандарында да жеткиликтүү.
  • Телеберүүлөрдү жаздырып коюп да көрсө болот (көрсөтүүнүн чыгарылышын же сериалдын эпизодун өткөрүп жибердиңизби — көрсөтүүлөрдүн архивинен көрө аласыз, тиркеме аларды 3 күнгө чейин кылдаттык менен сактайт);
  • Мындан тышкары, телеканалдарды көрүүдө О! абоненттери үчүн трафик тарифтелбейт.

Анан дагы бул тиркеме – эфирди паузага коюу мүмкүнчүлүгүн берген “таймшифт” функциясы жок да, албетте, мыкты болмок эмес. Компаниянын адистери билдиргендей, тиркемени жаңы каналдар менен толуктоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат, пайдалануучулардын сурамдарына жараша O!TV тиркемесине талапка жооп берген жана популярдуу каналдарды кошуу боюнча мүмкүн болгон, кээде мүмкүн болбогон нерселерди да жасоого туура келип жатат. Жаңыланууларды байкап тургула демекчибиз. O!TV контентин көрүү үчүн – болгону интернетке кошулуу жана каналдардын керектүү топтому гана жетиштүү. Эгерде сизге 40 канал жетиштүү болсо, анда *750*1# буйрутмасы менен суткасына болгону 3 сомго “Базалык” топтомду кошуңуз. Көбүрөөк керекпи, суткасына болгону 5 сомго ичинде 100 каналы бар “Стандарт” топтомун тандаңыз, кошулуу үчүн буйрутма *750*2#. Каналдардын максималдуу саны суткасына 7 сомго “Премиум” топтому жеткиликтүү – *750*3# буйрутмасын терүү менен кошула турган 130 канал сиздин кызматыңызда болот.

www.otv.kg. сайтынан өтө көп берилүүчү суроолорго жоопторду таба аласыз жана кыска видео нускаманы көрө аласыз.

O!TV – жагымдуу телевизор көрүүлөр!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: