super.kg logo

"Манас" эпосу Германияда немис тилинде жарык көрдү

 

Кыргыздын Германия Федеративдик Республикасындагы элчилиги тарабынан «Манас» эпосунун немис тилиндеги китебинин бет ачары уюштурулду.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара 21-ноябрда уюштурулуп, анда элчи Эринес Оторбаев «Манас» эпосу кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

"Кеченин жүрүшүндө Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Андреас Пешке чыгып сүйлөдү. Бет ачар аземге Германиянын Канцлердин ведомствосунун, Тышкы иштер министрлигинин, башка министрликтеринин, Бундестагдын, дипломаттык миссиялардын, ошондой эле кыргыз диаспорасынын жана башка кеңири коомчулуктун өкүлдөрү катышты", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, кечеге келген конокторго белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиевдин айтуусунда «Манас» эпосунан видеоүзүндү көрсөтүлдү.

"Иш-чара элчилик тарабынан президент А.Атамбаевдин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» тууралуу жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Китеп белгилүү немис жана орусиялык илимпоз, лингвист Вильгельм Радловдун версиясынан которулуп жазылган. Анын «Манас» эпосу боюнча версиясы Санкт-Петербург шаарында 1885-жылы басылып чыккан", - деп билдирет ТИИМдин маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(1)
25.11.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун! Озунчо эле жыргап жузунон жылмаю кетпейт го мындай жанылыкты укканда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: