Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды
Бүгүн, 23-ноябрда Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Эске салсак, 17-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Анын ордуна Толкунбек Абдыгулов дайындалган. Ал эми буга чейин аталган фондду Болсунбек Казакбаев жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-10

