super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: "Салам, Нью-Йорк", "Апамды издеп", "Бишкек, мен сени сүйөм" тасмаларынын режиссёру Руслан Акун 33 жашка чыкты

 

Бала кезинен тарта кино чөйрөсүнө кызыгып, "Оскар" сыйлыгын алууну кыялданган "Бишкек, мен сени сүйөм!", "Салам, Нью-Йорк", "Апамды издеп" тасмаларынын режиссёру Руслан Акун бүгүн, 24-ноябрда 33 жашка чыкты.

Тентек балакайдын режиссёрлук кесипке болгон кызыгуусу

Дайыма жаңы нерселерди, интеллектуалдык ойлонууну талап кылгандыгы менен режиссёрлук кесип Русланды өзүнө тартып алган. Мектепте окуп жүргөн учурунда өзүнүн курдаштары билбеген кесиптин ээси болууну самаган, дал ошол мезгилде өзүнүн эң алгачкы "тасмасын" дептер бетине сүрөт менен түшүрүп, достор арасында ал чоң популярдуулукка жеткен.

Америкага баруу максаты

Руслан Акундун америкага баруу максаты 9-класста окуп жатканда пайда болгон. Бир мектепте окуган өзүнөн эки жаш улуу кыздын Америкага барып билим алып жатканын угуп, ал жакка барып билим алууну эң биринчи орунга койгон. Көздөгөн максатына жете билген, өжөр мүнөзгө ээ жаш режиссёр ал жактан жогорку билим алгандан тышкары Түштүк Калифорния университетинин астындагы киномектепте магистр академиялык даражасын алган.

"Апамды издеп" тасмасын тартуу учурунда

Кино дүйнөсүнө болгон алгачкы кадам

Эң алгач "Бишкек, мен сени сүйөм!" аттуу комедия жанрындагы тасмага режиссёрлук кылган. Жаштардын табитине төп келген, Бишкек шаарынын кооздугун даңазалаган бул тасмага 50гө жакын актёр катышкан жана алардын көпчүлүгүн жаштар түзгөн. Режиссёр Александр Цай менен биргеликте жараткан тасмасы кыргыз киносунун жанданышына чоң салымын кошкон.

"Бишкек, мен сени сүйөм!" тасмасын тартуу учурунда

Жеке жашоосу

Руслан Акун 2014-жылы өзүнүн сүйктүүсүнө баш кошкон. Үйлөнүү тою эң жакын адамдардын гана катышуусунда өткөн. Учурда бир кыздын атасы.

24-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
25.11.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз мамлекети жана Кыргыздар! Ушундай уул,кызы менен сыймыктана алат. Эн биринчиден билимдуу,Оз кесибинин ээси. Азыркы Тамаша шоудон жакшылап суйлоп, французча онутто тарттым деп. Билимсиз тасма жаратса болот дегендер. Ушул жигиттен улгу алсын! Руслан Акунга узун омур,чын ден соолук, уй булолук бакыт каалайбыз!!! Мен Кыргыз катары терен ишенмин. Кыргыздын дуйно тан каларылык "Керемет тасмалары" Бай жана карт тарыхын чагылдыраган.Терен мазмундуу тасмалары жаралыш
bosmos77777 түзөттү 2017-11-25 00:02:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: