super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: "Туулган күнүмдө президенттин кызматка киришүү аземине катыштым" дейт 32 жашка чыккан ырчы Кайрат Примбердиев

 
Кайрат Примбердиев үй-бүлөсү менен
ырчы жубайы Элвира Примбердиева менен

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев 32 жашка толду. Ырчы менен байланышып куттуктаганыбызда ал ыраазычылыгын билдирип, бул жылы туулган күнү өзгөчө өтүп жатканын айтты.

"Туулган күнүм Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкен күнү менен туш келди. Президенттин кызматка киришүү салтанатына чакырылгам, андыктан туулган күнүмдө эртең менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келдим. Мындай салтанатка катышуу мен үчүн сыймык жана жоопкерчилик", - дейт ал.

Примбердиев бала кезден эле өзүнүн жеке майрамына көп көңүл бурбай тургандыгын, антсе да куттуктагандардын саны арбын экенин кошумчалады.

"Мен көбүрөөк Нооруз, Айт майрамдарына көңүл буруп белгилейм. Туулган күндү атайын даярданып өткөрбөйм, куттуктоолорду кабыл алып, ыраазычылык билдирем, албетте. Бул жыл мен үчүн өзгөчө ийгиликтүү, кубанычтуу жыл болду. Жакында эле ырчылык эмгегим бааланып "Эмгек сиңирген артист" деген наам алдым. Бул наам мындан ары да жакшы иштөөгө дем берет. Бирок 32 жашымда көп убактымды үй-бүлөмө арнасам деп турам. Келинчегим экөөбүз 2 жыл Орусияда болуп үй-бүлө, балдарга көңүл бурбай калдык. Үй-жай деген болот, анын баарын бир калыпка келтирип алсак кайрадан кийинки жылдардан чыгармачылыкка кызуу киришем. Жаңы ырларды жаздырам. Эми Орусия менен эле чектелбей башка ири масштабдагы эл аралык сынактарга катышууга бел байлайм", - дейт ырчы.

Кайрат Примбердиев - орусиялык "Главная сцена" телешоусунун менен "Голос" теледолбоорунун финалчысы. Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы.

Ал Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көк-Ой айылында өскөн. Талас мамлекеттик университетинде сырттан окуган. Сахнага алгач Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган "Арноо" аттуу ыр менен чыккан. Ырчы катары "Сагынганда", "Сүйүү аптабы", "Кандай немесиң?" жана башка ырлары менен таанылган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

24-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.11.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kiyratipsin
24.11.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайратты коруп же уксам эле кайын энесин эстей берем негедир)))))
24.11.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сооронбай акенизди жандап журсонуз бийлик силерде болсо анан катышасында
26.11.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми чыкпагандар чыгат экенда каракулжадан болом деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: