super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Жашоодо туура жолду тандоого үндөгөн "Курут" кинокомедиясы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Курут" тасмасы менен толукталды. Фильмдин режиссёрлору Эрмек Таалайбеков, Бектур Тургунов продюсери Санжар Мыкыев. Ролдордо - Эрмек Таалайбеков, Мээрим Атантаева, Бакыт Мукул жана башкалар.

Бул тасмада азыркы учурдагы жаштардын жүрүм-туруму, ой-жүгүртүүсү жана көз караштары чагылдырылган. Илимий фантастикалык комедиядан ар бир адам өзүнө тиешелүү сапаттарды көрө алат. Тасманын өзөгүн Азамат аттуу башкы каармандын айланасында болгон окуялар түзөт. Өзүнүн оор мүнөзүнүн айынан сүйүктүүсүн таарынтып, жоро-жолдошторунан артта калып, эч кандай ийгиликке жетпеген Азаматтын жашоосун бейтааныш айдоочу берген курут өзгөртөт. Куруттун өзгөчө касиети башкы каармандын ийгиликке жетишине себеп болот. Бирок ийгиликке, байлыкка жеткен Азамат кайрадан туура жолдон адаша баштайт.

Фильмдин режиссёру Эрмек Таалайбековдун айтымында, тасма тартып жаткан учурда көптөгөн кыйынчылыктар жаралган. Ал билдиргендей, тасманы тартууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгү чоң болгон.

"Фильмдин бюджети 47 миң долларды түзөт. Ал 6 айдын ичинде тартылды. Тасмада башкы ролдорду өлкөбүздүн Эл артисттери жана КВНчилер жаратышты. "Курут" катардагы жөнөкөй тасмалардан эмес. Бул фильмдин негизги идеясы - адамга дем-күч берүү жана анын жашоого болгон көз карашын өзгөртүү", - деди режиссёр.

"Курут" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
25.11.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар Бул фильмди коргондор барбы? Совет берип койгулачы жакшы эле кинобу?
25.11.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун Ктр ден болду жакшы эле экен корсо болот
26.11.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстей албай жатам, кайсы кино экенин. 100% болбосо да 50% плагиат
27.11.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино! 2016 ж январда кинотеатрдан көрүп, кайра көргүм келип күтүп жүрдүм эле! Кээ бир кинолорго караганда жакшы десе туура!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: