Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусунда жеңил машина көпүрөдөн кулап, 4 адам каза болду. Арасында бир жашка толо элек наристе да бар (фото)

Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусунда жеңил машина сууга кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн Бишкек-Торугарт жолунун 169-чакырымында Кубакы ашуусунан түшө берген жерде болгон. Анда айдоочу Тойота Карина үлгүсүндөгү машинаны башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшүп кеткен.
Анын кесепетинен 1964-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу, 1964-жылы туулган Т.Д. (аял киши), 1990-жылы туулган М.К. (аял киши) жана 2017-жылы төрөлгөн кыз каза болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-2

Бугун дагы кырсык!
наристеде эмне куноо (((((
бейишин берсин баарынын.