super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу: Владимир Золоев, Азамат Бектурсунов жана Нагира Сарбашова өлкө чемпиондору болушту (тизме)

 

Кечээ, 26-ноябрда Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде өткөн дзюдо боюнча өлкө чемпиондугунун жыйынтыктоочу күнү өтүп, чемпиондор аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дзюдо федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, мелдештин жыйынтыктоочу күнү эркектер 4 салмак категорияда (81, 90, 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогору салмак категориялары), ал эми кыздар 3 салмак категорияда (70, 78 килограммга чейинки жана 78 килограммдан жогору салмак категориялары) күрөштү. Аталган мелдешке жалпы 303 спортчу катышып, 14 медалдар топтому үчүн күч сынашты.

Дзюдо боюнча өлкө чемпиондугунун эркектер арасындагы жеңүүчүлөрү:

81 килограммга чейинки салмак категорияда:

1-орун: Владимир Золоев;

2-орун: Эрлан Шеров;

3-орун: Айбек Акимов жана Салмоорбек Маматемин уулу.

90 килограммга чейинки салмак категорияда:

1-орун: Азамат Бектурсунов;

2-орун: Павел Гончаров;

3-орун: Шахриер Идрисов жана Жамалбек Асылбек уулу.

100 килограммга чейинки салмак категорияда:

1-орун: Чингиз Мамедов;

2-орун: Керим Казатов;

3-орун: Тилек Куралов жана Алимбек Жусупов.

100 килограммдан жогору салмак категорияда:

1-орун: Болот Токтогонов;

2-орун: Дастан Сарбатов;

3-орун: Шарихан Исмаилов жана Кыялбек Жорготаев.

Дзюдо боюнча өлкө чемпиондугунун кыздар арасындагы жеңүүчүлөрү:

70 килограммга чейинки салмак категориясында:

1-орун: Эльмира Акишова;

2-орун: Кумушай Соскеева;

3-орун: Уулкан Алибай кызы жана Айзирек Боркошова;

78 килограммга чейинки салмак категориясында:

1-орун: Айжан Кадырбекова;

2-орун: Шахида Нармухамедова;

3-орун: Дарья Тимофеева жана Кундуз Айбек кызы;

78 килограммдан жогору салмак категориясында:

1-орун: Нагира Сарбашова;

2-орун: Кристина Нежникова;

3-орун: Нурзат Асанова жана Кундузай Жайчибекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: