Жер Ортолук деңизинде акулалардын кол салуусунан 31 мигрант көз жумуп, 40тан ашуун киши дайынсыз жоголду

Жер Ортолук деңизде акулалар африкалык мигранттарга кол салып, натыйжада 31 киши каза таап, 40тан ашуун киши дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Алардын маалыматы боюнча окуя 25-ноябрь күнү Ливия өлкөсүнө жакын аймакта болгон. 200гө чукул Сомали, Гана, Нигерия жана Эфиопия өлкөлөрүнүн мигранттары 2 кайык менен Жер Ортолук деңиз аркылуу Италияны көздөй сапар тартышкан. Бир маалда 2 кайыктын бири чөгүп кетип, сууга кулаган кишилерге акулалар кол салышкан. Окуя болгон жерге барышкан Ливия өлкөсүнүн куткаруучулары деңизден 10догон адамдын жансыз денелерин жана алардын арасында сүзүп жүргөн 4-5 акуланы көрүшкөн. Каза болгон адамдардын денесинен акуланын тиштеринин изи табылган. Ливия өлкөсүнүн куткаруучулары 60 кишини куткарышкан соң 5 сааттан ашуун дайынсыз жоголгондорду издешип, жыйынтыгында 1 гана кишинин денесин табышкан. Ал эми экинчи кемедеги кишилер тирүү калышкан. Тирүү калгандарды Триполидеги деңиз аскерлеринин базасына жайгаштырышкан.
Эл аралык миграция уюмунун маалыматына таянсак, 2017-жылдын январь айынан июль айына чейин ар өлкөдөн 103 миңге чукул мигрант Европа өлкөлөрүнө баруу үчүн Жер Ортолук деңизи аркылуу өтүшкөн жана 2 300гө чукулу орто жолдон каза болушкан.



Кичи пейил,школат бала болчу Азыр кайда
болду экен..? Эсен аман эле болсун! Кудайым!