super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: Көптөгөн күлкүлүү ролдору менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү актёр Лесли Нильсен мындан 7 жыл мурун дүйнө салган

 

Көптөгөн комедиялык тасмалардагы ролдору менен белгилүү актёр Лесли Нильсен 84 жаш курагында каза болгон. Ал 2010-жылы ок­тябрь айында өпкөсү сезгенип, ооруканага жаткан. Карылык бул ооруну көтөрө албай, жыйынтыгында дүйнө менен кош айтышкан.

Лесли Нильсен 1926-жылы 11-февралда туулган. Ал Нью-Йорктогу театралдык окуу жайды аяктаган соң бүт өмүрүн актёрлук кесипке арноону чечет. Анын эң алгачкы дебюттук ролу "Альфред Хичкок тартуулайт" сериалы. Чынында бул сериал ийгиликтүү болуп, актёрдун атын таанытууга чоң салым кошкон.

Көптөгөн режиссёрлор Леслинин тартынбаган мүнөзүн жана кандай гана образ болбосун баш тартпастан аткара берген чеберчилигин абдан баалашчу.

"Сан-Францисконун көчөлөрү" комедиялык телесериалынан соң актёрду тааныбагандар дээрлик жокко эсе болсо, ал катышкан "Аэроплан!" комедиясын тарткандар 2 миллион доллар сарптап, кийин элге тартууланган соң 90 миллион доллар киреше табышкан. Ошондой эле "Титаник", "Качкын" жана башка тасмаларды пародияга салган "Күнөөсүз күнөөлүү" тасмасы да бир топ ийгилик алып келген.

1990-жылдардын соңунда актёр популярдуу гана болбостон, бир топ байлык топтогонго да жетишкен. Мындан улам бардык сунушталган ролдорго тартылууга макулдук бере бербестен, өзүнө жаккан гана образдарды аткара баштаган.

Актёр 4 жолу үйлөнүп, 2 балалуу болгон.

28-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: