super.kg logo

Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган жаш манасчылар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Алп манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган республикалык жаш манасчылардын сынагы жана Нарын облустук "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы Кара-Саз айылында өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучусу Азамат Нусупов билдирди.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак жана интеллектуалдык таймаш Кочкор районуна караштуу Кара-Саз айылында орун алган. Иш-чарага жалпысынан 350 окуучу катышып, ага күбө болуу жана колдоо үчүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев, депутаттар Садык Шер-Нияз жана Каныбек Иманалиев келишкен. Иш-чараны уюштурууга Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты өзгөчө салым кошкон.

Уюштуруучунун айтымында, таймаш өтө кызуу жүрүп, жеңүүчүлөрдү аныктоо бир аз татаалга турган.

"Кароо-сынактын негизги максаты мектеп окуучуларын "Манас" эпосун окууга үндөө болуп саналат. Таймашка катышкан ар бир окуучунун "Манас" эпосуна жана манас айтуу өнөрүнө болгон кызыгуусу байкалып турду", - деп билдирди Нусупов.

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашында Ат-Башы району 1-орун, Нарын району 2-орун, Ак-Талаа району 3-орунду багындырса, манас айтуу багытында Кутман Садыбакасов 1-орун, Белек Бактыбеков 2-орун, Эрмек Нурдин уулу 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр 70 миң сомдук компьютер, планшет жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле катышуучуларга Улуттук Илимдер академиясы жана Тил комиссиясы тарабынан баалуу китептер тапшырылды.

Мындан сырткары бүгүнкү күндүн чоң манасчылары Назаркул Сейдракманов, Кубанычбек Алмабеков, Салимбай Турсунбаев, Алимбай Маатов жана Саматбек Ибраев КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: