super.kg logo

ИИМ: "Сокулуктагы камактан качкандардын үчүнчүсү кармалды". Издөөдө бир адам калды

 

Чүй облусунун Сокулук РИИБинин камагынан качып кеткен төрт адамдын үчүнчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, камактан качкандардын бири Багтият Ачылдурдиев 28-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.

Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип камакта отурушкан. ИИМ жана Чүй ОИИББи тарабынан ыкчам изилдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.

Кийин 28-ноябрга караган түнү качып кеткендердин экөө, Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда камактан качкандардын төртүнчүсү 28 жаштагы Кайрат Жанботоевди издөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.11.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булдагы бир шоу эмеспи дейм да
29.11.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jugorsk,шоу эмес ко
29.11.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алар кочодо колго тушуп бергени кызыкго. Ал ошончо охраналарда клубтарды бузуп чыккандар патрулдук милицияга колго тушконуно ишениш кыйын...
29.11.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реклама болду го бул жагы. Ошондо биз "аа ИИМ жакшы иштейт" деп ойлошубуз кереби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: