super.kg logo

Ошто таштанды челектен башы жок табылган аялдын өлүмүнө шектүүлөрдү тергөө абагында кармоо 27-декабрга чейин узартылды

 

Ошто "кайненесинин башын кесип, денесин таштанды челекке ыргытып салган" деп шектелген келин жана анын эжесин тергөө абагында кармоо 27-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, шектүүлөр соттун чечими менен 27-декабрга чейин камакта калтырылган жана аталган ишти иликтөөнүн мөөнөтү да ошол убакытка чейин узартылган.

"Бул иш боюнча Бишкек шаарынан гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы келиши керек эле. Ал дале келе электигине байланыштуу тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен шектүүнүн баш коргоо чарасы жана ишти иликтөө мөөнөтү сот тарабынан узартылды. Буга чейин белгилүү болгондой, маркумдун башын шектүүлөр кесип, өзүнчө ыргытып жиберишкен. Учурда аны издөө иштери уланууда, бирок жыйынтык бере элек. Учурда шектүүлөр Жалал-Абад облусундагы аялдар камагында камакта", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген белгисиз аялдын жансыз денеси табылган.

Ош ШИИБинин берген маалыматына таянсак, маркумдун аты-жөнү такталып, анын А.Жумагүл аттуу аял экендиги аныкталган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалган. Алардын бири каза болгон аялдын келини болгон. Шектүүлөр ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып беришкен.

Кошумчалай кетсек, шаардык милициядан билдиришкендей, шектүүлөр "маркумдун башын ушул жерге таштаганбыз" деп көрсөтмө берген жерден анын башы табылган жок. Ал эми маркум 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылында башы жок жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.11.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омур бою эркинен ажыраткыла экоону тен
29.11.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gute,аялдарга андай жаза жок,эн коп 20 - 25 жыл.
29.11.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa, 20-25 жыл болсо деле эсептей бер омурунун аягына чейин болуп калат
29.11.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башы табылбай жаман бoлуптур да
29.11.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин университеттин алды го
29.11.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Суукта кыйнабай уй камагына чыгарып койбоптур да
29.11.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
karakulja,кыйналмактан олбойбу,адамдын башын кесип алыш деген бул тушко кирбеген окуяда,кумурсканын башы эмесда ал адамдын еще кайнэнеси экен кудай сактасын мындай адамдардан коркуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: