Орусиялык ырчылар Лариса Долина жана Алсу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна арналып жазылган ырларды аткарышат

Белгилүү орусиялык ырчылар Лариса Долина жана Алсу атайын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна арналып жазылган чыгармаларды аткарышат. Бул тууралуу орус басылмаларына аземдин коюучу режиссёру Феликс Михайлов билдирген.
Маалыматка ылайык, ырдын бет ачары 1-декабрь Мамлекеттик Кремль сарайында боло турган чүчү кулак таштоо аземинде өтөт.
"Бул аземде өлкөбүздө өтө турган Дүйнө чемпиондугуна атайын арналып жазылган эки ырдын бет ачары болот. Бир ырды Лариса Долина Игорь Моисеевдин ансамблинин коштоосунда аткарса, экинчи чыгарманы Алсу ырдайт", - деп билдирген Михайлов.
Белгилей кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндары 2018-жылдын 14-июнунда башталып, 15-июлга чейин уланмакчы. Оюндар Орусиянын 11 шаарында орун алып, ага 32 улуттук курама команда катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.