super.kg logo

Милиция Токмоктогу чиркөөнүн жанына ымыркайды таштагандарды таба албай жатат

 

Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанына европа түспөлүндөгү жаңы төрөлгөн ымыркайды таштагандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, учурда ымыркайдын энесин аныктоо үчүн ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө. Буга байланыштуу шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, жеке менчик бейтапканаларга кош бойлуу кезинде каттоого тургандар текшерүүгө алынган.

Азыркы тапта шаардык төрөт үйүндө жаткан ымыркай кыздын абалы жакшы экенин жана социалдык кызматкерлердин көзөмөлүнө алынганын кошумчалашты милициядан.

Эске салсак, ымыркай 22-ноябрда саат 17:00дөр чамасында жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милицияга кабарланган. Ошондой эле окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.11.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Таштагандар"-?бир канча адам таштап кеткенби?
Же туурасы "таштап кеткен адам"болобу
29.11.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Европа тусполундогу ымыркай,демек энеси европа улутунан жана дини башка болгондуктан чиркоонун алдына таштаган.
Мен бул ымыркайдын энесинин жоругун туура эле кордум чиркоонун алдына таштаганына караганда наристени багууга каражаты жетишсиз, аргасыздыктан барды болуу керек.
Кукук эне болсо тороп туруп мусорный бакка ыргытып салмак.
29.11.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Medina87,ар ким өз ырыскысы менен төрөлөт
29.11.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кыздар туалетке деле таштап жатышат го ага караганда кичине болсо да энелик меерими бар окшойт
29.11.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким атасы европалыктыр.
29.11.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олтуруп же пакетке салып,туалетке тагтап олтургондон коро чиркоонун алдына тагтаган жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: