super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: "Музейдеги түн" тасмасы аркылуу таанымал америкалык актёр жана режиссёр Бен Стиллер 52 жашка толду

 

Баарыбызга белгилүү "Мадагаскар" мультфильминин башкы каарманы Алекстин үнүн коштоп, "Музейдеги түн", "Уолтер Миттин укмуш жашоосу" жана башка бир топ тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал америкалык актёр жана режиссёр Бен Стиллер 1965-жылы 30-ноябрда туулган.

1983-жылы Калифорния штатындагы университеттин кинематография факультетине тапшырган. 9 айдан кийин окуусун таштап, Нью-Йоркко кайтып, актёрлук курска жазылган. 1985-жылы Стиллер Жон Гуаренин "Көк жалбырактар үйү" аттуу пьесасындагы ролу менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган. Ошол эле убакта ал кыска метраждуу тасмаларды тартып жүргөн. Анын Мартин Скорсезенин "Акчанын түсү" деген тасмасына болгон 10 мүнөттүк пародиясын NBC каналы түз эфирден көрсөткөн. Ал пародиясында Бен актёр Том Круздун ролун аткарган. Ошондон кийин аны тасмаларга тартылууга бат-баттан чакыра башташкан.

Режиссёр Стивен Спилбергдин "Күн империясы" фильминдеги ролу Стиллердин чоң экрандагы дебюту болгон. Аталган тасма бир нече сыйлыктарга татыктуу болуп, актёрлору атактуулукка жеткен. Мындан тышкары айтылуу "Мадагаскар", "Үлгүлүү эркек", "Музейдеги түн", "Дюплекс", "Стелла" жана башка бир канча фильмдерде роль жараткан. Ошондой эле "Чындык тиштейт", "Кабелчи", "Үлгүлүү эркек", "Уолтер Миттин укмуш жашоосу", "Субмарина", "30 мүнөттүн ичинде жетишип калуу", "Руиндер" жана башка тасмаларда режиссёрлук, продюсерлик кылып, айрымдарында башкы ролдорду аткарган.

Актёр 2000-жылдын жазында актриса Кристин Тейлорго үйлөнгөн. Түгөйлөр ортолорунда бир уул, бир кызы бар болгонуна карабай ушул жылдын май айында эки башка жолду тандашканын жарыялашкан.

30-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: