super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: 30 жашка толгон ырчы Эльзар Өскөнбаева алгачкы юбилейин курбулары менен белгилей турганын айтты

 

Белгилүү фольклор ырчысы, "Маржан" жана "Эл ырчысы Эстебес" топторунун мүчөсү Эльзар Өскөнбаева бүгүн, 30-ноябрда 30 жашка чыкты. Ырчыны куттуктоо үчүн байланышка чыгып, анын бүгүнкү күнгө койгон пландары менен тааныштык.

"Азыркы тапта өзүм аяктаган жогорку окуу жайда өтүп жаткан иш-чарага катышып жатам. Ал эми кечинде досторумдун курчоосунда өздүк майрамымды белгилейм. Негизи мен башынан эле туулган күнүмдү шаан-шөкөт менен белгилегенди жактырбайм. Быйыл алгачкы юбилейим болгондуктан курбу кыздарым менен белгилөөнү чечтим",- деди ал.

Ошондой эле чыгармачылыктан колу бошобой жаткандыгын айтып, жакынкы күндөрү эстрада ырчылары Курал Чокоев жана Аскат Мусабеков менен жаздырган дуэт ырлары жарык көрө турганын билдирди.

Эльзар Өскөнбаева 1987-жылы 30-ноябрда Нарын районунун Таш-Башат айылында төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайынын салттык музыка жана фольклор кафедрасында окуп, Замирбек Үсөнбаев жана Роза Амановадан сабак алган. Ырчы "Аккан суу" дастанын айтып, "Эгиз жүрөк", "Агатайым", "Мага жар керек" деген ырларды ырдап эл оозуна алынган.

30-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
)))))))))))) Супер ИНФО... Чынле суперсинер ээ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: