super.kg logo

Канат Исаевдин иши каралып жаткан отурумда жактоочу менен сот кайым айтышты

 

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө сот менен Канат Исаевдин жактоочусу Слесаревдин ортосунда кайым айтышуу орун алды. Ага жактоочунун соттун айыпталып жаткан адамдардын көрсөтмөсүн угуу чечиминен кийин айыпталуучулар тарабынан тизмеге кирген 12 күбөнүн суралбай калганын эскерткени болду. Соттун жактоочуну атайын отурумду созууга аракет кылып жатасызбы деген суроосуна Слесарев отурумдун мыйзам чегиндеги тартиби бузулуп күбөлөр суралып бүтө электе айыпталуучу суралып жатканын айтты. Ага сот чечим кабыл алынганын айтып отуруусун өтүндү. Жактоочу анын укугу бузулуп ага чейин да анын келтирген өтүнүчүн сот узак деп иш изилденип бүткөндөн кийин карай турганын айтканын эскертти.

Сот чечим чыкканын анын өзгөрбөстүгүн айтты эле жактоочу бул анын укугун бузуу экенин айтып, анын нааразычылыгы протоколго киргизилиши керектигин талап кылды.

Сот анын айтканына көңүл бурбастан отурумду улантып айыпталып жаткандарды суракка алууну баштады.

Эскерте кетсек, Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес, тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан соң, Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда ишти кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: