super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Кубаныч Сатаевдин "Кыргызстаным, алгала" аталышындагы жеке концерти SUPER.KG порталында

 

Бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү эстрада жылдызы Кубаныч Сатаевдин 9-ноябрда болуп өткөн "Кыргызстаным, алгала" аталышындагы жеке концерти менен толукталды. Ырчы концертке аз гана убакыт даярданганын, бирок жыйынтыгы купулуна толгонун баяндады.

"Мен концерт коём дегенде жакындарымдын баары каршы чыгышкан. Себеби жакында эле шайлоо өтүп, чек аралар жабылып жаткан мезгил болгондуктан концертке эл аз келиши мүмкүн деп ойлошкон. Бирок мен өжөрлүккө салып, жарым айдын ичинде абдан кызуу даярдык көрө баштадым. Жыйынтыгы жаман болгон жок, залдын 80 пайызы элге толду. Эң алгачкы жеке концертимди мындан 10 жыл мурун бергем, бул 4-концертим. Буга чейин эл алдына чыкканда сүрдөп, толкундансам, бул ирет эл менен тыгыз байланышта болуп, өзүмдү токтоо алып жүрдүм. Анан да мурдагы концерттеримде көбүнчө атамдын чыгармаларын аткарсам, бул жолу өзүмдүн автордук ырларыма көбүрөөк басым жасадым", - дейт ырчы.

Кубаныч Сатаевдин "Кыргызстаным, алгала" концертин көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.12.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча тез,обычно жылдар отуп кетчу эле
01.12.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак акебиздин экинчи баласы атасынын копиясы, кубаныч инисин кызганып сахнага чыгаргысы жокко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: