super.kg logo

Орус ЖМКлары: "Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай" сөзү менен таанымал актёр Николай Годовиковду жерге берүү зыйнатына балдары келбей койду"

 

23-ноябрда белгилүү Орус актёру Николай Годовиков каза болуп, ал жерге берилди. Анын аза күтүүсүнө бир да баласы келген жок деп жазат орусиялык маалымдоо каражаттары.

Николай Годовиков орус тасмаларынын көпчүлүгүндө ар кандай ролдорду жараткан. Арасынан "Чөлдөгү ак күн" ("Белое солнце пустыни") тасмасындагы "Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай" деген сөзү менен таанымал Кызыл армиянын аскери Петруханы аткарган ролу элдин эсинде жакшы сакталуу.

Актёр 67 жаш курагында өз батиринде жалгыздыктан улам каза болгонун, бир эмес үч аялынан төрөлгөн бир да баласы анын жерге берүү зыйнатына келишпегени маалыматтарда жазылат. Акыркы жылдары ага үчүнчү аялы ээрчите келген өгөй кызы гана каралашып калган. Анын эки аялынан 1 кыз, 1 уулу жана үчүнчү аялынан өгөй кызы болгон.

Николай Годовиковдун үй-бүлөсүнүн кайра-кайра бузула беришине анын криминалдык иштери, аракечтикке берилүүсү себеп болуп келгени айтылат. Ал гезиттерге берген интервьюларында да муну жашырбастан, бир нече ирет соттолгондугунан өйдө айтып келген. "Өзүмө келип, кайрадан тасмага тартылуу үчүн бул индустрияга кайтып келишиме үчүнчү жубайым Людмила түрткү болгон. Бирок анын өлүмү мени кайрадан сындырды", - деген актёр.

Каза болгонго чейин Годовиков бутундагы оорусу менен дарыгерге кайрылган. Врачтар анын бутунда рак клеткалары пайда болгонун табышканы менен, анын эмнеден келип чыкканын аныктоого жетишкен эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
01.12.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оной кызы болсо да Азамат экен! Аттин, озунун канынан жаралган уулдары......!
01.12.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашында берсин мээнетти,Карыганда берсин доолотту деш керек экен.....
01.12.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде деле ушундай болот экинчи катын темасы менен.
02.12.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балага мээрим тогуп таштап кетпей баксан тордун корку болосун туудуруп таштап кетсе мээрим кайдан бермек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: