super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: Голливуддун белгилүү актрисасы Люси Лью 49 жашка чыкты

 

Аты-жөнү: Люси Алексис Лью

Туулган жылы: 1968-жыл, 2-декабрь.

Туулган жери: АКШ, Нью-Йорк.

Бою, салмагы: 1 метр 60 сантиметр, 50 килограмм.

Мыкты роль жараткан тасмалары: “Чарлинин периштелери”, “Биллди өлтүрүү”, "Чикаго".

Америкалык актриса, продюсер жана режиссёр Люси Алексис Лью Нью-Йоркто туулган. Атактуулукка "Элли Макбил" сериалындагы ролу аркылуу жетип, ал үчүн "Эмми" сыйлыгына да көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Чарлинин периштелери”, “Биллди өлтүрүү”, "Чикаго" тасмаларындагы ролдору менен көпчүлүктүн эсинде бар.

Келечектеги актриса колунда бар үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн музыкалык мектепте аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Орто мектепти аяктаган соң Нью-Йорк университетине тапшырган. Бир жыл өтпөй кайра Мичиган университетине которулуп, ал жактан Азия элдеринин маданиятын жана тилдерин изилдей баштаган. Люси алгач өзүн актриса катары "Алиса жомоктор дүйнөсүндө" аттуу спектаклде роль жаратып сынап көргөн. Бул окуядан тартып ар кандай сынактарга катышып, америкалык сериалдарда эпизоддук ролдорду жарата баштаган. Көптөгөн тасмаларда роль жараткан актрисаны Голливуддун эң белгилүү жылдыздарынын бирине айланткан Квентин Тарантинонун “Биллди өлтүрүү” тасмасы болгон. Дал ушул тасмадагы ролу үчүн актриса "Мыкты терс каарман" номинациясында MTV Movie Awards сыйлыгына ээ болгон.

Жеке жашоосу
Актриса турмуш курган эмес, балдары жок. 2010-жылдары Люси миллиардер Наом Готтесман менен кыз-жигит мамилесинде болгон. Ошондой эле актриса менен белгилүү боксчу Владимир Кличконун дагы узакка созулбаган мамилелери болгон.
Мындан сырткары чет элдик журналисттер актрисанын азыркы тапта өзүнөн улуу адам менен болгон мамилеси бар экенин жазып келишет, бирок ал адам ким экени тууралуу толук маалымат жок.
Кызыктуу фактылар:
- "Элементарно" сериалынын режиссёру.
- 2000-жылы "Revlon" фирмасынын жүзү болгон.
- Тамактын бардык түрлөрүн жакшы көрөт, эч качан диета кармаган эмес.
- Люси 5 жашка чейин кытай тилинде гана сүйлөгөн.
2-декабрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы көргөн актрисам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: