super.kg logo

Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" аттуу тасмасы Эстонияда өткөн кинофестивалдан баш байгени жеңип, 10 миң еврого ээ болду

 

Режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" деп аталган толук метраждуу тасмасы Эстонияда өткөн эл аралык "А" классындагы кинофестивалда баш байгени жеңип алды.

Кинематографты өнүктүрүү фондунан кабарлангандай, бул тууралуу Эстониянын борбору Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалынын жабылыш аземинде, кечээ, 2-декабрда белгилүү болгон.

"Тёмные ночи" кинофестивалы 1997-жылдан бери өтүп дүйнөдөгү эң ири делген 20 кинофестивалдын катарына кирет. Анын баш байгеси 10 миң еврону түзөт. Бул ирет фестивалга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 20 тасма катышкан. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн барган Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" деп аталган тасмасы ушул жылы гана тартылган жана ал кыргыз коомчулугуна көрсөтүлө элек. Аталган тасманын бет ачар аземи Эстонияда өткөн.

"Белгилеп кетүүчү жагдай - Кыргыз киносунун тарыхында эл аралык жогорку деңгээлдеги фестивалдарда "Түнкү кырсык" тасмасы биринчи жолу баш байгени жеңип алды", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргызфильм" тарабынан каржыланган тасманын узактыгы 1 саат 30 мүнөт. Фильм таң каларлык мүнөздөгү жаш кыз менен улгайып калган курактагы жалгыз жашаган эркек киши жөнүндө. Кызды киши кыштактын четиндеги көчөдөн жаракат алып, жардамга муктаж болуп турган кезинде таап, ага камкордук көрсөтө баштайт. Бара-бара ал кишиде кызга болгон махабат сезимдери пайда болот.

"Бул тасма биздин көңүлүбүздөн дароо орун тапты, адбан жөнөкөй бирок көрүүчүнү өзүнө арбап алат экен. Өмүр бою азап тартып жашаган адамдын тагдыры тууралуу жакшы баян. Түнкү кырсык ал адамдын турмушунун өзгөрүүсүнө, бакытка жетүүсүнө себеп болуптур", - деген фестивалдын калыстарынын бири фильм тууралуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
03.12.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алга Кыргыз!!! Ийгиликтер болсун!!! Бирок жанагыл, Бексултан Жакиевден баштап, Нурбек Эгенге окшоп,Кыргыздын начар жашоосун жана тошок оюндарын, ачык корсотподубу бекен ?
bosmos77777 түзөттү 2017-12-03 13:10:09
03.12.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bosmos77777, Европага так ошол сен ойлогон нерселер жагатда.
03.12.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анысы жок кинонун кызыгы болбойтда
04.12.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун! Дагы да ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: