Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов Кытайдын "IQIYI awards" сыйлыгынын "Жылдын мыкты ырчысы" наамына татыды





Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайбергенов "IQIYI awards" сыйлыгынын тандоосу менен "Жылдын мыкты ырчысы" деп табылды. Казакстандын маалымат каражаттарында жазылгандай, ал кубанычын социалдык тармакка бөлүшкөн.
"Баарыңыздарга рахмат! Кыялдар орундалат. Жыл сайын өтүүчү "IQIYI awards" сыйлыгынын тандоосу мага мындан ары да дем берет. Уюштуруучуларга жана мага ишеним арткан мекендештериме ыраазымын", - деген ал.
Ушул жылдын июль айында Димаш Кудайбергенов Кытайдын Шенжень шаарында "MTV Music Awards" сыйлыгына татыктуу болгон.
Мындан тышкары ал "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчы", "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" аталып, Кытайда болуп өткөн "I am a Singer" музыкалык сынагынын финалында экинчи орунду багындырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Укмуштуудай унун бар