super.kg logo

Бишкек-Алматы жолунда 43 жүргүнчүсү менен автобус оодарылып кетип 2 адам көз жумуп, 10 адам жаракат алды. Арасында Кыргыз жарандары бар же жок экендиги такталууда

 

Бишкек-Алматы жолунда 43 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус оодарылып кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар өлкөнүн укук коргоо органдарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 4-декабрда саат 08:00 чамаларында Алматы облусундагы Узунагыш айылында катталган. Кырсыктын кесепетинен эки адам каза таап, 10 адам жаракат алып ооруканага жиберилген. Жаракат алгандардын арасында жашы жете элек бала бар.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, автобустун айдоочусу жолдун тайгактыгынан улам унааны башкара албай калган. Автобус Шымкенттен Алматыга бараткан. Учурда кырсык болгон жерде полиция кызматы иш алып барууда.

Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги каза тапкан жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экендигин тактап жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.12.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шымкент - Алматы деп эле жазбайсынарбы,Бишкектен чыкканго десе. Кырсыктан Кудай сактасын!
04.12.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автобуз он рулдуу эмес бекен
Кээ бир адамдар кырсык болсо эле он рулдуу машинеге куноону коюшат
04.12.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai, ошо тайкы адамдарго рульга асылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: