super.kg logo

Сузакта чогулуп турган мектеп окуучуларын айдоочу унаасы менен сүзүп качып кетти. Окуучулардын бири ошол жерден каза болду

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чогулуп турган мектеп окуучуларын айдоочу унаасы менен сүзүп кетти. Бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгынан бир бала каза болуп, бири ооруканага жеткирилген. Ал эми окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Кырсык кечээ, 3-декабрь күнү саат 21:30 чамаларында Жалал-Абад-Казарман жолунун 35-чакырымындагы Кара-Чолок айылында болгон.

"Айылдагы №54-Ысмаил атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары (5 бала) мончого баруу үчүн чогулуп жолдун четинде турушкан экен. Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Казарманды көздөй бара жатып аларды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден айдоочу изин жашырып качып кеткен. Натыйжада 2003-жылы туулган М.Б. аттуу окуучу окуя болгон жерден каза болгон. 2002-жылы туулган Б. уулу А. денесинин ар кайсы жеринен жаракат алып жана оң буту сынып Октябрь аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми калган 3 бала унаадан качып аман калышкан", - дешти облустук милициядан.

Ыкчам-тергөө топторунун аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү аныкталып, ал Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну болуп чыкты. Ал кырсык болгон жерден изин жашырып кеткенден кийин унаасын өзү жашаган үйгө токтотуп, өзү качып кеткен. Унаа боюнча тергөөчү акт түзүп, унаа айып аянтчасына токтотулду. Ал эми кылмышка шектүүнү кармоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
04.12.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмак
04.12.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тимэле колго тушпочудой болот, кайра жаш балдарга жардам берип ооруканага жеткирипкойсо болот эле
04.12.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вай акмаак ит экенсиңго ушундай да кылабы балдарда эмне күнөө
04.12.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртеби кечпи кармаласын
04.12.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур кайран оспурум каза болуптур. Жакындарына конул айтабыз
04.12.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге кошуна айылго байкуш балага жаман болуптур жаткан жери жайлуу болсун. Бирок балдар да чет жакта турушса болот элего көчөгө чыгып кетишпей. Азыр жөө жүргүнчүлөрдөн корко турган заман унаадан качайын дешпейт жолду чоң атасы салып бергенсип.
04.12.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malik92,кайсыл айылдан болосуз
04.12.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир баланын ичегиси үзүлүп кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: