super.kg logo

Чүй ОИИББи: “Абактан качкан төрт жаранга кылмыш иши козголду”

 

Абактан качкан төрт жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга 336-берене (эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип камакта отурушкан. ИИМ жана Чүй ОИИББи тарабынан ыкчам изилдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.

Качып кеткендердин экөө, Бакыт Дилдешов жана Рамиль Базаркулов 28-ноябрга караган түнү, үчүнчүсү Багтият Ачылдурдиев 28-ноябрда, ал эми төртүнчүсү Кайрат Жанботоев 1-декабрда кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: