super.kg logo

Гүлнур Асанова: "Убадасына тура албаган адам менен келечегимди көрө алган жокмун, ажырашканыма эч өкүнбөйм"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң "Мен ашык", "Ак кептер" аталышындагы ырлары, "Туңгуюк", "Мезгил жана Алыкул" жана башка бир топ тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал ырчы жана актриса Гүлнур Асанованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы же жеке жашоосу тууралуу сизди кызыктырган суроолор болсо узатып, түз эфир учурунда жооп алсаңыз болот.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

15:00 Гүлнур Асанованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды, ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:05 Суроо: "Күзгү жалбырак" тасмасына тартылганда канча жашта элеңиз?

"Эң алгач "Карагул ботом", "Туңгуюк" андан соң "Күзгү жалбырак" тасмасына тартылгам. Анда 9-класстын окуучусу элем. Жакында дагы бир мюзиклге тартылгам. Жакынкы күндөрү экрандан көрө аласыздар", - дейт ырчы.

15:07 Окурмандын "Социалдык тармактан элдин баарына жооп жазганга кантип үлгүрөсүз?" деген суроосуна, "Шарды деле катуу үйлөсөң жарылат го, андыктан кээде ашыкча эле терс билдирүү жазып жаткан колдонуучуларга жооп берип турууга аргасыз болом", - деп жооп берди.

15:10 Ырчы жакында эле башынан өткөн окуялары боюнча, "Жашоомдо оор сыноо болду. Жакындарым үчүн да оңой болгон жок. Бул темага кайра кайрылгым келбейт" деди.

15:12 Окурмандын "Жакында эле ооруканада жүргөнүңдү көрдүк эле, жыйынтыгы кандай чыкты?" деген суроосуна, "Ооруп жатам, акыркы анализимди бүгүн тапшырдым. Жыйынтыгы чыга элек", - деп жооп берди.

15:16 Окурмандын, "Сиздин колуңузду журналист Шайырбек Арапов сураган дешет, сиз макулдук бербей койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?" деген суроосуна, "Ал менин жердешим болот, бир-эки жолу эфирге чакырганы эле болбосо, андан башка эч кандай байланышыбыз болгон эмес", - деп жооп берди.

15:18 Суроо: "Нурзат Токтосунова жана Элина Абай кызы менен мурункудай эле доссузбу?"

"Нурзат Токтосунова менен жакшы мамиледемин, Элина экөөбүз дос эмеспиз".

15:20 "Жолдошуң же кайын журтуң кайра жарашуу үчүн алдыңа келдиби?" деген суроого, "Ооба, келишкен. Бирок чечим бир чыккан соң кайра аны өзгөртүүнү туура көргөн жокмун. Ал адам көп убадасын аткара алган жок, андыктан келечегимди аны менен бирге көрө алган жокмун. Азыр ажырашканыма эч өкүнбөйм", - деп жооп берди.

15:23 Окурмандын "Мен сизден кичүүмүн, бирок сизди сүйөм. Мага турмушка чыгууга даярсызбы?" - деген суроосуна, "Мен өзүмдөн кичүүлөрдөн көңүлүм калган. Азыр турмушка чыгууга да даяр эмесмин. Ал үчүн убакыт керек. Бактияр (ред. мурунку жолдошу) да колумду сураганда "сен менден кичүүсүң" деп айткам. Ага да көнбөгөндө "мен рак болуп ооруйм" деп айтып, сынап көргөм. Бул да аны токтоткон жок. Ошондо катуу ишенип алган экенмин", - деп жооп берди.

15:28 Ырчы күйөрмандары үчүн комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдап берди.

15:30 "Турсунбай Бакир уулу менен туугандык жайыңыз барбы?" - деген суроого "жок, ал менин бир тууган эжемдин өкүл атасы болот", - деп жооп берди.

15:32 Суроо: Эмнеге тасмаларда кайгылуу ролдорду аткарасың?

"Режиссёрлордун сунушу аркылуу тартылгам. Бирок акыркы учурларда мындай ролдордон баш тартып, шайыр образдарды аткара баштадым".

15:34 "Устатым Роза Аманова менен ысык мамиледе эмесмин. Бирок ал эже менен саламым түз", - деди ырчы устаты тууралуу.

15:35 Гүлнур Асанова мырзалар тууралуу "эң биринчи сөзүнө турган, ыймандуу, аялзатын сыйлаган эркектер жагат", - деди.

15:42 Суроо: Жашоодон кандай сабак алдың?

"Жашоодон көп эле сабак алдым. Дос да таптым, душман да таптым. Жыргадым, ыйладым. Жашоо улана берет. Эң негизгиси жеңе билүү керек", - дейт ырчы.

15:46 Суроо: Стресстен кантип чыктыңыз?

"Стресстен чыгуу оңой эмес. Көп ойлонуудан рак оорусу пайда болот экен. Андыктан колдон келишинче көп ойлонбогонго аракет кылуу керек. Ал үчүн дүкөнгө барып, өзүңүзгө жаккан жаңы буюм сатып алыңыз же дүкөн кыдыра бериңиз. Өзүңүздүн маанайыңызды көтөрүп, эч бош болбостон бир нерсе менен алектене берсеңиз стресстен тез арыласыз", - дейт ырчы.

15:56 Суроо: Сиз байлыкка берилген адамсызбы? Анткени жолдошу кедей жашаганы үчүн ажырашып кетиптир деп уктук?

"Бул калп. Мен эч качан материалдык байлыкка кызыккан эмесмин. Адамдын жан дүйнөсү бай болуш керек", - деди ырчы.

16:00 Гүлнур Асанованын түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





"Убадасына тура албаган адам менен келечегимди көрө алган жокмун" дейт Гүлнур Асанова

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(29)
06.12.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулнур Асанова мага негедир ажырашып кеткенден кийин начале жакпай калды,бирок чыныгы талантту кыз.
06.12.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур салам. Чыгармачылыгына ийгилик каалап байкен Рысбек.
06.12.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гульнур бактылуу бол, эми адашба эч качан. Ийгилик каалайм сага!
06.12.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулнур адашкан жерин жок. Адашкан тиги тамада, ушул жонундо суроо берсе эле маанайын чого тушот экен. Тескерисинче суйун да ошондой адамдан кутулганына. Ошондуктан чыныгы тагдырын кезиге элек. Ошол тагдырын мен го Гуку.))) тамаша
06.12.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79, Гульнурду суйосузбу?
06.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
vavilon.,оло суйом)))
06.12.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79, Менда суйом аны ))
06.12.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
rysik79,сиз эмне жакшы коросузбу.тамаша чынга салып айтып алдыныз.
06.12.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур мен сени коптон бери коро элек болчумун. Откондо бир каналга маек бергенинде коруп суктандым аябай сулуу болуп кетиптирсин. Коз тийбесин бактылуу бол. Кечиримдуу, сабырдуу бол. Келечек али алдыда.
06.12.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мигрантарга коз карашыныз кандай??? Москвадан жакшы айлык тологон жумуш болсо иштейт белениз.
06.12.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кандай Гульнур!!! карылыктан коркосунбу?
06.12.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулнур кабагынды ачып эле журчу, сен ошого татыктуу кыргыздын кызысын!
06.12.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гульнур мага помаданды берчи?
06.12.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулнур саламатсызбы?Жогоруда айтыпсыз куйоонузду,коп убадаларын аткаралган жок деп сыр болбосо Кандай убада аткаралбады ?Сизди куйоосун байлыгы жок жашоолору оор деп эле 2.ажырымга тушту деп уктук, Ошондо байлыка ото берилген бакыттанда байлыкты жогору койгон инсансызбы же кандай???
06.12.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mara8492, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
06.12.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Турмуш куруп эле бир аптанын ичинде убадаларды аткарып жибериш кыйын да албетте. Но чужая семья тёмный лес.
08.12.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajdarkyzy,созунузго кошулам,биз деле журобуз го убада аткарбаса да аман эсен жаныбызда журсо экен деп(ар кимдин оюу ар кандай да эми)
07.12.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур Майсалбектин ырларын жанылап чыкчы мисалы арзуу.шурундан ай ж.б
SUPER.KG видео
07.12.2017. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи таланту кыз онорун оркундой берсин
07.12.2017. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кызды жакшы билем. Мурда сыйлачуумун тартылган кинолорундагы жараткан рольдорунан улам. Башка эч нерсе деле айткым келбейт
07.12.2017. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооруп жатам. Анализ чыга элек.
..Рак оорус мн ооруйм деп сынадым.
Анан коп ойлоно берсен Ракка алып келет экен..
Кудай сактасын. Рак эмес бекен???
07.12.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага тийсен жыргайсын,
Идиш аяк жуубайсын.
Кооколотуп ойнотом,
Комузду кундо уйротом
08.12.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakulja,акыркы сабы жаны экен а
Медиа-портал
07.12.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур мага жагат, дайым кулуп журунуз жана бакттылуу болунуз!!
07.12.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликага караганда тузук да кыскасы!
SUPER.KG видео
07.12.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантын баалайм!
SUPER.KG видео
08.12.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назик озуну периште корсоткусу келгени менен иш коп бул сулууда да,ХХХХХХХ тенинди табасын деп ойлойм
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-09 02:31:20
SUPER.KG видео
11.12.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур сиз аябай сулуусуз.ийгиликтерге бай инсансыз.талантынызды ташкынта бериниз.алдыда сизди жакшылыктар кутот деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: