super.kg logo

Бишкекте 20 батирдин жашоочусу эшикке чыгып калды (фото)

 
Жашоочулардын бири, баш мээсинде шишиги бар Гүлсара Тасынбекова бул имаратта кичинекей кызы менен жашайт.

Бүгүн Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндөгү №18-үйдүн 40 батирин бошотуу үчүн сот аткаруучулар жашоочуларга чара колдонду. SUPER.KG порталы окуя болуп жаткан жерге барып, үйлөрүнөн чыгарылып жаткан жашоочулар менен жолукту.

Белгилүү болгондой, бул имарат учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына тийиштүү №36-жатак абагы болгон. Кийинчерээк аталган 4 кабаттуу имарат ИИМге өткөрүлгөн. Андан соң ал Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагына өткөн. Убакыттын өтүшү менен ЖАМКнын кызматкерлери абакты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жашоого ылайыкташтырып алышкан. Мэрияга караштуу бул имараттын 40 батиринде шаар тургундары жашап келишкен.

Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмү буга чейин Бишкек шаардык сотуна имаратты бошотуу арызы менен кайрылган. 2017-жылдын 26-сентябрында шаардык сот 20 батирди бошотуу туурасында чечим чыгарган. Мындан соң Ленин райондук сот аткаруучулары жашоочуларга батирлерди бошотуу тууралуу эскертүү берген. Жашоочулар жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылып, калган 20 батирде жашап турууга чечим чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок Жогорку Соттон жооп келе элек.

Өкмөттөн жардам сураган Гүлсара Тасынбекова: "Суукта жалгыз кызым менен кайда барам? Башымда залалдуу шишик бар. Менин барар жерим жок, батирге төлөгөнгө эмес, дарылануума эле айына 30 миң сом коротом. Буга чейин эптеп күн көрүп ушул жерде жашап келгем", - дейт.

Эки баланын энеси Айнура: "Биз Жогорку Сотко кыш бүткөнчө баш калкалап туруу өтүнүчү менен кайрылганбыз. Бирок Жогорку Соттун чечимин күтпөй эле бизди мажбурлоо жолу менен чыгарып жатышат. Бизде кетип кала турган даяр үйүбүз жок", - дейт ал.

Бишкек шаардык мүлк башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Өмүрбеков: "Бул имаратта 10 жылдан бери мыйзамсыз жашап келген жашоочулар бар. Алардын үстүнөн биз Ленин райондук сотуна кайрылып, биринчи инстанциясында жеңип алганбыз. Кийин жашоочулар доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Анда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, 20 батирди бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Бүгүн биз Ленин райондук сот аткаруучулары менен үйлөрдү бошотуудабыз. Буга чейин эскертүүлөрдү бергенбиз соттун чечими сентябрда эле чыккан, көчүү үчүн 6-декабрга чейин мүмкүнчүлүк берилген", - дейт ал.






"Бүгүн үй таппасак көчөгө жатабыз" дейт шаар тургуну

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(17)
06.12.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бул кишилер бул батирлерге кандайча кирип калышкан? Же сатып алганбы? Эгер сатып алган болсо кантип сатылган? Ким саткан?
SUPER.KG видео
06.12.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Өзүңөрдүкү болбогондон кийин бошотуп бергиле да, тобо, ушунча да наглый болобузбу? 2 ай мурун эле чечим чыгыптыр.
06.12.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эшике чыгып калды! Чык эшике ушу создор адамга коп угула турган болуп калды акыркы убакта
06.12.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бошотуп бериш керек да.2 ай батир карабай эмне кылып атышты.жон эле догурунуп атышат да.эптеп менчиктештирип алсак деп журушсо керек.
06.12.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Туура эмес да эми, Оштогу өзбөктөргө бир жакшына үй салып берген. Эми Кыргыздарды Кыргызстан да үйдөн кууп чыкса. Кыргыздар өзүнүн жеринде көбөйбөй, башка улуттар көбөйүшү керекпи?
Eksvp_1 түзөттү 2017-12-06 18:57:20
06.12.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Eksvp_1,Озбектер акча берген да, алар шустрый болот ко мындайда.
06.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мурда каралбай калган уйлорду ондоп тузоп ремонттоп дегендей иш кылыштыда, жок дегенде компенсация толоп берсе болмок ГСИНдики болсо.
jbolotov түзөттү 2017-12-06 18:37:47
06.12.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кышында чыгарышпай жазга чейин кутушсо болбойбу.
06.12.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сөзсүз кышында чыгаруу керек беле? Жаз келишин күтүү керек,же ошол күзүндө чыгарып салуусу керек эле. Байкуштар ушундай суукта кайда барышат?
06.12.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мыйзамсыз болсо да кыш буткончо койо турушса болмок. Жазга чейин бир айласын таап чыгып кетишмек чыгар.
06.12.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча чыдаган Эми кышы мн чыдаса болмок суукта кайла бармак
07.12.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сокенин эууй чык эшикеси мыйзамга киргенго!Озу кышында чыгарганга акысы жок эле!!!Бизде Боло берет окшойт.120 депутатты экс жаны ажосу примерин кочого чыгарып мекенден кууп салыш керек!!!!
07.12.2017. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мурун каякта журушту эле,Эми кычыраган кышта кычап калбай
07.12.2017. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар дагы барган сайын чочконун этинен жасалган арам тамактарды жеп ичип, бири - бирине болгон боорукердик мамилеси жок болуп ктип жатат. Кычыраган кышта чыгарбай эле коюшса болмок...
07.12.2017. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кетип жатат
SUPER.KG видео
08.12.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 ай убакыт берген экен эле, чыгып кетишсе болмок,мыйзамсыз чыгарып жатышса анда башка кеп эле, соттун чечими болубаткандан кийин, эми бечара болуп кайда барабыз дешпей тообо элдер дагы кызык
SUPER.KG видео
09.12.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болушту экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: