super.kg logo

Көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

 

Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланды. Маалыматты Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясы да тастыктады.

Маалыматка ылайык, кыргыздын улуттук оюну Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралган. Анда көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Көк бөрү федерациясынан маалымдалгандай, буга чейин 2014-жылы көк бөрү оюнун каттоого документтер жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизүү үчүн артка кайтарылган. Бул жылы жалпысынан тизмеге киргизүү 49 номинация менен каралган. Анын ичинде Германиянын "Орган музыкалык аспабын даярдоо жана орган музыкалары", Италиянын "Неаполитан пиццаларын даярдоо өнөрү" жана башкалар кирген.

Буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыздын "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Оштогу Сулайман-Тоо кирген.

Материалдык эмес маданий мурастарга салттар, муундан муунга өткөн чыгармачылыктардын түрлөрү, аткаруу искусствосу, социалдык салтанаттар, майрамдык жана ритуалдык ырымдар, жаратылыш менен байланышкан билим жана көз караштар, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүк техникасы кирет. Тизме коомчулуктун көңүлүн материалдык эмес мурастарга буруу ыкмасы болуп эсептелинет. Бул тизмедеги мурастарды ЮНЕСКО эл аралык деңгээлде жайылтууга, аны коргоого алууну көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
07.12.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу кыргыз элим Мен сиздерди чын журоктон куттуктаймын Жараткан биз менен!
07.12.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми кокборуну ЮНЕСКОго киргизсенер жакшыда, кок бору кыргыз элинин улуттук оюну экендигин бут дуйно билет. Дуйнолук жазгы олимпиада оюндарына киргизсенер анданда жакшы болот.
bakyt78 түзөттү 2017-12-07 12:02:57
07.12.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
bakyt78,ооба муиуз чыгат кыргызга чыкканда да жакшы чыгат! Аны сен бул денгеелин менен каидан тушуносун тушунушун учун журогун кыргыз деп согуш керек кыргыз деп согуш учун анда сен ат минип улак тартып каира торолушун керек аиылда?
07.12.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bakyt78,эми онолдун созунон!
07.12.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жанылык бут дуйного таанымал
07.12.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото кубанычтамын ушуну аябай куткон элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: