ТЕСТ: Кыш менен кылычташа аласызбы? Анда тесттен өтүңүз
Кылычын колго алып кыш мезгили падышалыгын кылууда. Ар бир мезгилдин өзүнчө кооздугу, өзгөчөлүгү бар эмеспи. Бети-колду тызылдатып, ичиркенткен суук болсо да, кыш мезгилинин өзүнчө кереметтери жанга жагат. Анан калса жомоктогудай сезимдерди тартуулаган Жаңы жыл майрамы да кыш мезгилинде белгиленип, баарыбызды кыялдарга жетелейт. Ак кар жамынган кыш мезгилин кыргыздар кандай тосуп, календарда кантип белгилешкен? Мындан башка да кызыктарды билүү үчүн тесттен өтүңүз.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Кардын кызыл, күлгүн, сыя көк, сары-кызыл түстөгү түрлөрү да болоруна ишенесизби?
Ооба. Антарктиканын бийик тоолорунда кардын кызыл, күлгүн, сыя көк, сары-кызыл түстөгү түрлөрүн да кезиктирүүгө болот.
Кийинки суроо
Жок
Ооба
Сыя көк болушу мүмкүн
"Узун сары" деген эмне?
"Элибизде "узун сары" деген түшүнүк бар. Бул кыш мезгили соңуна чыгып, кыскарган күн узарып, түн кыскара баштаган мезгил. Адатта бул учурда жер жүзү уйкудан ойгонуп баштагандыктан адам дагы бат-бат ачка болуп, организмде өзгөрүүлөр орун ала баштайт. Илгери ата-бабаларыбыз кыш чыккандан кийинки "узун сары" келгенде жейбиз деп азык-түлүк сарамжалдашкан.
Кийинки суроо
Кышы бою тынбай кардын жаашы.
Жаныбарлардын сүйүктүү мезгили - кардын биринчи жаашы.
Кыш соңуна чыгып, күн узарган мезгил. Жазгы суук учуру.
Кыш чилдеси канча күнгө созулат жана болжолдуу кайсы айда түшөт?
Эң суук мезгилдин пири – кыш чилде болот. Кыргыз календары боюнча чилде кыштын экинчи айы болгон январь айынын 10уна чейин түшөт дешет. Ал 40 күнгө созулат.
Кийинки суроо
28 күнгө созулат, декабрда түшөт.
40 күнгө созулат, январь айынын 10доруна жакын түшөт.
30 күнгө созулат, январь айынын башында түшөт.
Мунарыктап борошо уруп, Кар тозоңун уйпалайт. Бирде жырткыч айбанча улуп, Жаш балача кээде ыйлайт. Бул кайсы орус акынына таандык ырдын кыргызчасы?
Мунарыктап борошо уруп,
Кар тозоңун уйпалайт.
Бирде жырткыч айбанча улуп,
Жаш балача кээде ыйлайт. Бул саптар белгилүү орус акыны Александр Сергеевич Пушкинге таандык. Ырдын аталышы "Зимний вечер", аны кыргыз акыны Алыкул Осмонов которгон. СССР доорунда бул ырдын котормосу мектеп программасына киргизилип, окутулган. Азыркы программада бул котормо жок.
Кийинки суроо
Владимир Маякрвский "9-январь"
Александр Блок "Эргүүнүн бороонунан кыйналуу"
Александр Пушкин "Кышкы кеч"
Кыргызда "кардын башын кар жейт" деген сөз бар. Бул кайсы мезгилде жааган карга карата айтылат?
Кыргызда "кардын башын кар жейт" деген сөз бар. Аны элибизде "сары кар" деп коюшат. Бул кар жазында жаайт. Кышы бою жаап, жер бетин каптап турган кар сары кар жааган соң эрип баштайт.
Кийинки суроо
Күзүндө жааган кар.
Жазында жааган "сары кар".
Кыштын так ортосунда жааган суу кар.
Жалпы жыл ичиндеги эң узун түн кайсы айда кирет?
Эң кыска күн жана эң узун түн 21-декабрдан 22-декабрга караган мезгилге туура келет. Ал кышкы күндүн турушу деп аталат.
Кийинки суроо
9-январдан 10-январга караган түнү
12-декабрдан 13үнө караган түнү
21-декабрдан 22сине караган түнү.
Кыргыз өлкөсүнө кыш мезгили кайсы тараптан келет?
Кыргыз өлкөсүнө кыш мезгили түндүк-чыгыштан келет. Түштүк-батыштан соккон жел түндүк-чыгыштан соккон муздак жел менен алмашат. Орточо эсеп менен октябрь айынан тарта жаан-чачындар карга айланат, бирок абанын орточо температурасы нөлгө жетпейт. Андан соң температуранын төмөндөшү менен октябрдын аягы ноябрдын башында суук түшүп, жер тоңо баштайт.
Кийинки суроо
Түндүк-чыгыш тараптан келет.
Батыш тараптан келет.
Түндүк-батыштан келет.
Элдик календарь боюнча кыштын башталышын жана бүтүшүн кандай өзгөрүүлөргө карап билишкен?
Элдик календарь боюнча кыштын башталышын үшүк жүрүүлөр менен аныкташат, ал эми кыштын аякташын - кардын эриши менен. Метеорологдор болсо негизинен кышты эки түргө бөлүшөт: жумшак (жылуу бирок кар бар) жана муздак.
Кийинки суроо
Алгачкы кар жааганда кыш башталды деп, ал эми бет тызылдаткан суук кайтканда соңуна чыкты дешкен.
Курт-кумурска жоголгондо кыш башталды деп, алар кайра чыкканда бүттү дешкен.
Кыштын башталышын үшүк жүрүүлөр менен аныкташкан, ал эми кыштын аякташын кардын эриши менен билишкен.
Климаттык кыш деп эмнени түшүнөсүз?
Климатологдордун айтуусу боюнча, абанын күнүмдүк орточо температурасы Цельсий шкаласы боюнча нөл градуска теңелип жана төмөндөй баштаганда кыш башталат. Кыргызстанда бул убакыт облустардын жайгашуу жеринен көз каранды, мисалы, Ысык-Көлдө бул ноябрь айынын экинчи жарымы, Нарында ноябрь айынын биринчи жарымы, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүйдө бул декабрь айынын биринчи жарымы.
Кийинки суроо
Цельсий шкаласы боюнча абанын температурасы 0 градуска барабар болгон мезгил.
Абанын температурасы жылуу болуп туруп кар жааган мезгил.
Климаттык шарты катаал жердеги кыш.
Быйылкы XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар кайсы өлкөдө өткөрүлөт?
XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар 2018-жылдын 9-25-февралында Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт.
Кийинки суроо
Финляндиянын Вааса шаарында
Австриянын Бадгастайн шаарында
Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында
"Зима не будет!" деп таанылган коомдук-ишмер...
Капилеттен айткан сөздөрү менен таанымал коомдук-ишмер Арстанбек Абдылдаев "Зима не будет" сөзүнүн автору. Ал бул сөздү 2012-жылы айтып чоң талкууга алынган. Бул сөз менен катар ал "Төртүнчү эра - "техника эрасы" бүтөт. "Алтын эра" башталат. 2013-жылдын башында жердин формасы табактын формасындай болот" деген билдирүүлөрдү да жасаган. Бирок азыр жер тоголок эле бойдон.
Кийинки суроо
Кубанычбек Апасов
Турсунбек Акун
Арстанбек Абдылдаев
Баткен облусунда Кыштут деген айыл бар. Ал айылдын башкалардан өзгөчөлүгүн билесизби?
Бул жер тоолуу аймак болгондуктан кышында 3 ай бою күн, жай чилдесинде 3 ай бою ай тийбейт. Кышында күн капталдап тийип калат эмеспи, аны бийик тоолор тосуп калат. Ошондуктан айыл «кыш тутулду», «кышты тут», «кыштут» болуп аталып калган.
Кийинки суроо
Абасы ар качан өзгөрүп турат. Күтүүсүз жайдын күнү кар жаайт.
Кышында 3 ай күн, жайында 3 ай бою ай тийбеген айыл.
Бул айыл Баткенде эмес.
Жердин түштүк жарым шарында кыш мезгили кайсы айларга туш келет?
Календарлык кыш үч айдан турат: Түндүк жарым шарда булар - декабрь, январь, февраль айлары, түштүк жарым шарда июнь, июль жана август.
Кийинки суроо
Июнь, июль жана август.
Март, апрель жана май.
Декабрь, январь, февраль айларына.
Кардан киши жасоо зарылчылыгы эмнеден келип чыккан?
Мындан бир нече жүздөгөн жылдар мурун адамдар кыштын каардуу күчтөрүнөн сактануу үчүн ырым кылып кардан киши жасашкан. Кышкы суук менен катар каардуу күчтөр да келет деген ишенимде болгон адамдар кардан киши жасап күчтөр кишинин сөлөкөтүнө өтүп кетет деп ишенишкен.
Кийинки суроо
Жаңы жыл майрамын тосуу үчүн кар киши жасап символ кылышкан.
Балдарды алаксытуу үчүн.
Бир нече жүздөгөн жылдар мурун адамдар кыштын каардуу күчтөрүнөн сактануу үчүн ырым кылып кардан киши жасашкан.
Эмне үчүн кар жааганда жамгырдай ылдам эмес, жай жаайт?
Кардын бүртүкчөлөрү 95 пайыз абадан турат жана тыгыздыгы төмөн. Ошол себептен ал жерге жай абалда каалгып түшөт.
Кийинки суроо
Анткени ал 95 пайыз абадан турат жана тыгыздыгы төмөн.
Анткени кышында абанын тыгыздыгы жогору болот.
Абанын температурасы суук болгондуктан, ошондой кубулуш болот.
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Баарына тениз минус кофгон ким зээрикпей
87