super.kg logo

Шаардык сот Канат Исаевдин баш коргоо чарасы боюнча апелляциялык арызды карап жатат

 

Бүгүн, 8-декабрда депутат Канат Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда анын 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деген айыптын негизинде соттук иши каралмак. Бирок ишти карап жаткан сот соттук отурумга тыныгуу жарыялады. Буга Исаевдин Бишкек шаардык сотто "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелеринин негизиндеги кылмыш иши боюнча жактоочуларынын апелляциялык арызы каралып жатканы түрткү болду.

"Учурда шаардык сот анын баш коргоо чарасы боюнча жактоочуларынын апелляциялык арызын карап жатат. Ошондуктан тыныгуу жарыялайм", - деди сот.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта, тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2-октябрда Биринчи Май райондук соту Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. 16-октябрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда башка коргоо чарасын кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган. Анын жактоочулары райондук соттун бул чечимине макул болбой шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрадан кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: