super.kg logo

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2017: Дайыр Исмадияров, Гүлнур Асанова, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова... Дагы кайсы атактуу сүйүктүүсү менен кол кармашпай калышты?

 

Ак менен кара бири-бирине айкалыша жүрөт дегендей, 2017-жылы жалгыз башын эки кылып, үй-бүлө курган атактуулардын саны канчалык көп болгонуна карабай, кыналыша бирге жүргөн түгөйлөрдүн ажырашуулары да кездешпей койгон жок.

Алардын сап башында кызуу талкууну жараткан ырчы жана актриса Гүлнур Асанова менен жолдошу Бактиярдын эки башка жолду тандоосу болгону баарыбызга маалым. Ырчынын айтымында, жубайлардын ажырашуусуна жолдошунун айткан убадаларына турбаганы себеп болгон.

"Ал адам көп убадасын аткара алган жок, андыктан келечегимди аны менен бирге көрө алган жокмун. Азыр ажырашканыма эч өкүнбөйм" деген ал.

Андан соң жакында эле ата статусуна ээ болгон ырчы мырза Дайыр Исмадияров менен жубайы Жанаранын ажырашуусу коомчулук үчүн күтүүсүз болду. Бул боюнча ырчы төмөнкүдөй билдирүү тараткан.

"Буга эч кимдин күнөөсү жок, болгону жубайым экөөбүз келише албадык. Жыйынтыгында экөөбүз тең бактылуу болуу үчүн эки башка жолго түшүүнү туура көрдүк. Бирок балама колдон келген жардамымды аябастан каралашып турам", - деген ырчы.

Ал эми жубайы Жанара "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Сахнада күлүп-жайнап абдан шайыр жүргөн Дайыр үйдө таптакыр башка адам экен. Ачуусунун чукулдугу мага оор тийди. Жакшы көргөн адамымдан мындай мамиле күткөн эмес элем. Кээде "мен сага көнө албай жатам, жалгыз сыналгы көрөт элем" деп да айтчу. Аял алгандан кийин аялымды карашым керек, багышым керек деген нерсени түшүнө албады", - деп айткан.

Ошондой эле шоумен Бакыт Байсариев жубайы Наргиза менен ажырашканын ушул жылдын февраль айында ачыкка чыгарып, өзү Алия аттуу бийкечке үйлөнгөнүн билдирген. Биринчи жубайы менен бир кыз, бир уулдуу болгон Байсариев ажырашканы тууралуу буларга токтолгон.

"Балдарымдан баш тартуу деген ой түшүмө да кирген эмес, аларды багам, чоңойтуп бутуна тургузам. Окуусуна, жумушуна, жашоосуна жардам берем. Апасы экөөбүздүн тил табыша албай калганыбызга алардын эч бир күнөөсү жок", - деген ал.

Белгилүү куудул, алып баруучу Гүлжайна Атаканова да ажырашкандардын катарын толуктайт. Анын айтымында, жолдошу үйүнөн башка адамга үйлөнөрүн айтып чыгып кеткен. Кийин кылган кадамын туура эмес деп санап, кечирим сурап келген. Бирок куудул айым аны кечирген эмес.

Ошондой эле "Добулбас" тобунун солисти Эдил Маматовдун бир кезде Мээри Шакулина деген ат менен таанылып калган ырчы жубайы менен ажырашып кеткенине көп болгонуна карабай, быйыл, 2017-жылы коомчулукка жарыяланды. Мээри жолдошу менен эки башка жолду тандоосуна белгилүү ырчы кыз себеп болгонун айтса, Эдил Маматов жубайынын кызганычынын айынан ажырашууга аргасыз болгонун билдирген. Алардын ортосунда 4 бала бар.

"Нарындан жазган салам кат" деген ыр менен эл оозуна алынган 2 баланын апасы Нэна да жалгыз бой энелердин катарын толуктайт. Жолдошу менен ажырашуусунун себеби белгисиз.

"Атасы каржы жактан жардам бербейт, болгону алимент төлөйт. Элге "балдарды көрсөтпөйт" деп айтат экен. Бирок андай эмес. Сагынганда келет окшойт, 2-3 айда бир көрүп кетет", - дейт ырчы.

Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу да жубайы менен ажырашып кеткен. Маалым болгондой, алардын ажырашуусуна кызганыч себеп болгон. Бул тууралуу толук маалымат "Супер-Инфо" гезитинин бүгүнкү, 8-декабрдагы санында жарыяланган.

Ал эми баш кошо элек, бирок "2017-жылдын октябрь айында үйлөнөбүз" деген түгөйлөр Бегимай Бекбоева менен жигити жаңыдан аты таанылып келе жаткан ырчы Эрлан Муратжанов да мамилелери үзүлгөнүн жар салышкан. Бекбоеванын айтымында, мындай чечим түгөйлөрдүн бири-бирине болгон түшүнбөстүктөрүнөн улам келип чыккан.

"Түшүнбөстүктөрдөн улам мамилебизди үздүк. Үйлөнүү тоюбуз октябрда болмок, жылдырууга туура келди. Мындан ары чогуу болобузбу же жокпу - ал бир гана Кудайдын буйругу менен болот", - деген ырчы бул тууралуу.

Ошондой эле жаш ырчылар Аяна Касымова менен Баястан кыз-жигит экенин ачыкка чыгарышпаганы менен, ар дайым чогуу жүрүшкөнүнө бир эмес, бир нече жолу күбө болгондор бар. Тилекке каршы, бул жылдыздуу түгөйлөрдүн да кыз-жигиттик мамилеси узакка созулган жок. Учурда Баястан Зульфия аттуу бийчи кыз менен сүйүү мамилесинде экенин билдирген.

Ал эми бир канча жылдан бери кээде урушуп, кайра жарашып жүргөн жылдыздуу түгөйлөрдүн катарын толуктаган Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жылдын башында кыз-жигит экенин коомчулукка жарыялашса, жакында эле сүйүүлөрүнө чекит коюп, достук мамилени сактап калышканын билдиришкен. Ырчылардын күйөрмандары буга чейин да эки башка жолду тандап, кайра жарашкан кыз-жигит кайрадан эле табышат деген үмүттө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(30)
08.12.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Чымчыктын да уясы бузулбасын, оомин!!!
08.12.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нурлан мн Аселдин пиарларын Эми укпай калдык деп кулак мурун тынч чыкпай калды деп суйунсом дагы бул жергеда кошуп койуптур просто аллергияда ушулар такыр пара эмес...
08.12.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Сага аллергия болсо башкасынп жагат майга жетпей сасык дебе
08.12.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айпери Кубик кызы калып кетиптир. Аныда сап башына кошуп койгула.
Leilek-razzakov түзөттү 2017-12-08 20:40:56
09.12.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Leilek-razzakov, Назира Айтбекова да жар салып журот го. Уйлонгондордон ажырашкандар кобоюп кетиптир
09.12.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Leilek-razzakov,Эй туура,а Анжеликачы,Маликадина,ошондой эле биздин айылдык ырчы Суусаркан жене.Эй бу дегеле соосу жокко ботом.Шаан-шокот,той-улпоттор,женил,эркин жашоо албетте бузат да.
Nazaroff1974 түзөттү 2017-12-09 16:31:18
08.12.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кудай 《эгер сен бироонун абийирин ачсан сеникин 10 эсе ачам》дейт экен бироонун кемчилигин эмес жакшы жагын жазыныздар суперчилер.Менимче эч бир пенде ажырашам деп баш кошбойт,баары бактылуу болоюн деп эле турмушка аттанса керек.
08.12.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Гүлнур Асанова "бир жума жашадык"деп интервью берди беле адашпасам?Анан кантип бир жуманын ичинде берген убадаларын аткарып үлгүрөт.Тойдон кийин бир жумада үйдөн киши үзүлбөй мен күйөөмдү түндөсү кана көрчүмүн.
08.12.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Edelveis929317,байлыкты биринчи орунга койгон аял окшойт Гулнур.
08.12.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айпери Кубик кызы менен Малика Дина калып кетиптир
08.12.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анжеликаны да кошсонор болмок экен.
08.12.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжелика жокко
08.12.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжелла апичем кана тизмнден биринчи орун алса болмок
08.12.2017. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjella ajyrawkanby
08.12.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулардын бироосун супер ажырашуу атап ,концерт берсенер болот эле.
08.12.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тантырабай тообо кылгылачы!Эмнеге Анжеликаны кошуп атасынар?Эч кимдин уясы бузулбасын!
09.12.2017. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимай Бекбоева куйоого тийген ошол жигитине,анан ажырашкан.Бегимай менин куйоомдун айылынан болот)айылдын баары билет ажырашканын
09.12.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал Кабыловачы
09.12.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теманар башкачага го
09.12.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комменттер эле хаха да..
09.12.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asi.gulum,Айтпа кайра-кайра окугун келет.маладэстер
09.12.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашкандан кудайым озу сактасын.
09.12.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Закирбек Дүйшөнбек уулунун жубайы ким?
10.12.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Taalaibek.,менимче Нурайым Азыкбаева бирок болжол
09.12.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан Насип мн Асел достук мамилесин сактап эле кайра кыз жигит болуп алгандары жакшы экен. Же кыз жигит болуп калышпайт же дос болуп кыйратышпайт
09.12.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уйлонуп,тийип эле ажырашып жатат,ойлонбойбу булар.жашоо-оюнчуктай эле болуп калыптыр го.шоу-бизнестегилерге
10.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы муун үй бүлө дегенди баалашпай калды. Балдарына убал, тирүүлөй жетим калган. Аталарыбыз желмогуз болуп кетсе деле үй бүлөсүн сактап, чыдап, балдарын эр азамат кылып чоңойткон биздин апаларыбызга рахмат. Кыргыздар чет эл жака эле ооп баратат, бирин таштап экинчисин алып. Баары өзүмчүл, бактылуу болуу үчүн эки жолго түштүк деп койот акмактар! бала чакасын ойлогон киши жок.
31.12.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы эмес жакында эле мен да ажырашып кете жаздадым, кудай сактасын баарыбызды ажырашуу, жаман кырсыктардан.
31.12.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр мн гулнузрдун муноз начар дешет го. Экоо уйлонтуп алса катта болот да. Экоо бирин бирин тузоп коймок. Ажика апчеми кошпопсунар. Назира Малика айпери айжамал жок тизмеден
31.12.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ажырашкыла артистер жаштарга орнок болот. Жаштар силерге карап кийинип силерге карап журуш турушун озгортот силер орнок болуунун ордуна ажырашып жатасынар силерге турмуш оюнчук же танца кылатурган эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: