super.kg logo

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2017: Быйылкы жылы бир башын эки кылып үй-бүлө курган атактуулар кимдер?

 

Баарыбызга маалым болгондой, 2017-жыл кыргыз элине белгилүү болгон шоу-бизнес өкүлдөрүнүн үлпөт тойлоруна бай болду. Биринин артынан бири дүңгүрөтө той берип өзүнчө түндүк көтөргөн белгилүүлөрдүн тизмесине көз жүгүртөлү.
Жыл башында эле өзүнүн күйөрмандарын жакшы кабар менен кубанткан, ырчы гана эмес актриса катары да таанылган Чолпонай өзүнүн продюсери Эрнест Уметалиевге турмушка чыккандыгын жарыялаган. Түгөйлөр алгач кыргыздын салты менен үйлөнүшүп андан соң Дубайда үлпөт тоюн өткөрүшкөн. "Биз Эка (Эрнест Уметалиев. ред.) экөөбүз акыры баш коштук. Үйлөнүү тойдун алдындагы даярдыктар боюнча чуркап жүрүп, баш кошкондон бир нече ай өткөн соң расмий каттоодон өтүп, нике күбөлүгүн алдык", -
деп билдирген ырчы.

Кызынын жентек тою менен бирге эле өзүнүн үлпөт тоюн өткөргөн Бакыт Байсариев да бул жылы бир башын эки кылгандардын катарын толуктаган. 20 жаштагы Алия аттуу бийкечке баш кошуп Айчолпон аттуу кыздуу болгон шоумендин тою мыкты деңгээлде өткөн.


Белгилүү куудул, машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин көкүрөк күчүгү, ырчы Кызсайкал Бөрүбаева 28-сентябрда үлпөт көйнөгүн кийип, жолдошу Эрнист Айдаралиев экөө никесин мыйзамдаштырып, үйлөнүү тоюн белгилешкен.

"Жаш болгондугума байланыштуу ата-энем каршы болуп жүргөн. Бирок жолдошум Эрнист менен 1 жылдан ашык кыз-жигит мамилесинде жүргөнбүз. Эрте турмушка чыгууну кичинекей чагымдан эле тилек кылгандыктан экөөбүз сүйлөшүп, мени ала качып келди. Учурда баары жакшы", - деп билдирген ырчы.


"Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш", "Поларис шооласы" тасмаларында мыкты роль жаратып элге таанымал болгон таланттуу актёр Амантур Мусаев да ушул жылы бойдокчулук менен кош айтышып өзүнүн түгөйүн тапты. Ал лейлектик 21 жаштагы Миргүл аттуу кызга баш кошкон. Белгилей кетсек, буга чейин актёр сүйүктүүсү менен мындан 3 жыл мурун досунун үйлөнүү тоюнда таанышканын, сүйүктүүсү чыгармачылык чөйрөдөн алыс адам экенин билдирген.

Бул мезгилге чейин жигити бар экенин айтып, бир коомчулукка анын ким экенин көргөзбөй келген актриса жана модель Рахат Божокоева 27-октябрда турмуш жолуна узап Асылбек аттуу мырзанын жубайы болуп жаткандыгын билдирип өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына сүрөттөрүн жарыялаган.

"Тамашоу" Лигасынын ардагерлеринин бирине айланган "Ак-Өргө city" командасынын "красавчик" оюнчусу Эрмек Таалайбеков 6-ноябрда өзүнчө түндүк көтөрүп бүлөлүү болгон. "Тамашоучу" жана актёр өзүнүн сүйүктүүсү Бекзада менен кол кармашып жакындарына шаарыбыздагы тойканалардын биринде үлпөт тоюн өткөрдү. Жаштарды бул өзгөчө күнү менен жакындары, достору жана эки жаштын аркасы менен туугандашып отурган ата-энелер куттуктап келишкен.

Ал эми түгөйлөрдүн парадын белгилүү актриса Элина Абай кызы жана кикбоксчу Кумар Жалиевдин үйлөнүү тою жыйынтыктайт. Көп жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүргөн Элина менен Кумар белгилүү "Гаишниктер" тасмасында бирге роль жаратышкан. Ошондон бери Кумардын беттештеринде Элинанын күйөрмандык кылып жатканын көрсөк, ал эми атактуу кикбоксчу Элина чакырылган иш-чараларда сүйүктүүсүн коштоп жүргөнү белгилүү.

Жылдын эң күтүүсүз тою деп бул ырчы Сайкал Садыбакасова жана алып баруучу Максат Даврановдун тоюн айтсак болот. Аранжировкачы, ырчы Эдил Маматов менен мамилеси бар деген сөздөрдү четке кагып, ар кандай ушактардын аягына чекит койгон Сайкал менен Максаттын тою Ош жергесинде өтүп, ага 700дөн ашуун конок катышкан.

Көптөгөн кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, көз күйдүргөн бойдоктордун бири Омар да сүйүктүүсүн жолуктуруп кечээ жакында эле үлпөт тоюн өткөрдү. Алгач ырчы жубайы Диананы үйүнөн алып кетип андан соң 2-декабрда заманбап үйлөнүү үлпөт тоюн өткөргөн. Тойго эки жаштын жакындары, ошондой эле эстрада жылдыздары катышкан. Түгөйлөрдү тойго келген коноктордун алдына Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова "Жар-жар" ыры менен алып кирген.


Маркум куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу учурда тамадалык өнөрүн алып жүргөн шоумен Манас Алыкулов да бул жылы үй-бүлөлүү мырзалардын катарын толуктады. 4 жыл кыз-жигит мамилесинде жүргөн Манас менен Алина бирге окушуп, ал гана эмес коңшу жашашкан.

"Кайнене" ырын катыра ырдап элге таанымал болгон жаш ырчы Жоодарбешим да быйыл өзүнчө түтүн булатып, жубайлуу болгон чагы.

"Мындан бир жыл мурун атам каза болду. Атамдын ашын бергенден кийин өзүнчө түтүн булатууга кадам таштадым. Келинчегим Аксана дизайнер, модель, спорт чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Чуркоо боюнча 8 жыл машыккан, 30га жакын медалы бар. Оштун Жапалак айылынан болот. Аксана мени боорукерлиги, жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен арбап алды", - деп билдирген Жоодарбешим.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(18)
12.12.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарынар бактылуу болгула! Омур бою кармашкан колунар узулбой, тен арып тен карыгыла!!!
12.12.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алиша Диа калып кетиптир го мен эстегендерден
12.12.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
aliya-leyla,Ал ажырашып кеткен ошол себептен жазышпаса керек да
12.12.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tatum67,коой алдаба .
12.12.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Batma08, Инстаграммда күйөсү экөө түшкөн сүрөттөрүнүн баарын өчүрүп салыптыр, видеосу дагы жок бул жактагы. Ошондуктан ошентип ойлоп койдум. Болбосо суперчилер болсо эле ошону унутуп калсын.
13.12.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tatum67,ою жаман
12.12.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tatum67,алдабасан ажыраша элек
12.12.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Нурлан сен журо бер ар кимге куйоо жолдош болуп
31.12.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rasul94,
Боорум эзилип калды.
12.12.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакыт Байсариев откондо ажырашкандардын катарында журот элего, жаман шустрый го)) Элина Абай кызын укпапмын бактылуу болсун.
13.12.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кармашкан колунар пинкодко тушуп калсын.ажыраштым дегенинерди укпайын макулбу!?!
13.12.2017. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чубак ажыны да кошуп койбопсунар. Эки башын учоо кылды деп. Мени айтпадынар деп таарынар бекен эми.
14.12.2017. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Best.bakyt
адамдардын таппаганы жок да
31.12.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Best.bakyt,
Туура айтын. Таарына турган эч нерсе жок. Эн башкысы ушул жубайлар Чубактын кылыгын кылбаш керек. Молдонун айтканын ук кыл дегенин кылба. Азыр мен молдолорго дагы ишенбейм и укпайм.
14.12.2017. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Барынарга бирден матифоооон деген кана
31.12.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kansulu,майтыфон.)))Майтыфон калбады деп аткан откондо бир жерде.)
31.12.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардыгы-ды ушул кирип келген Жаны жылынар менен кутт-м. Эн башкысы ушул жыл ден соолуктун жана башка жакшы-дын жылы болсун. Бугун озгочо майрам. Бул майрамды дуйно эли рассасына, улутуна, динине карабай тосуп алышат. Бул майрам бир элди, улутту, бироонун динин жамандай турган диний майрам эмес. Кээ бир ашынган исламчыл, кудайчылдардын оюна ишенбей, озубуздун конулубуз менен гана жашайлы. Арабтар бизбди башкара турган эл эмес. Кыргыздар озубуздун башыбыз менен ой жугуртобуз. Уйлонгондорго бакыт
01.01.2018. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Тааныгандардан Айкөл Аликжанова калып кетиптирго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: